Экономика министри өткөн жылга салыштырмалуу быйыл ички дүң продукциясынын көлөмү жогору экенин айтты
Экономика министри Артём Новиков былтыркыга салыштырмалуу быйыл ички дүң продукциясынын көлөмү жогору экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн отурумунда билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү 335 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 105 пайыз болгон. 2016-жылдын январь-сентябрь айларында аталган көрсөткүч 101,5 пайызды түзгөн.
“Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында өзгөчө өнөр жай секторунда болду. Айыл чарба тармагында өсүү 0,8 пайыз, курулушта – 5,2 пайыз, өнөр жайда – 21,2 пайыз, тейлөө тармагында – 0,8 пайыз жогорулаган. Республика боюнча 158 миллиард 1 миллион сомдук айыл чарба азыктары чыгарылган. 2016-жылдын январь-сентябрь айларына карата өсүү темпи 100,8 пайыз болду”, - деди Новиков.




1 |