super.kg logo

Бишкекте “Нефтяниктер аллеясы” пайда болду

 

26-октябрда Түштүк магистралдын Масалиев көчөсүнүн эки тарабына Токтоналиев көчөсүнөн тарта Ала-Арча суусуна чейин 400 жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Мындан ары Түштүк магистралдын бул бөлүгү “Нефтяниктер аллеясы” наамын алмакчы.

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын борбордун жашыл фондун масштабдуу жаңылоо максатындагы долбоорунун алкагында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитет башкармалыгынын башчысы Рысбек Мааткабылов көчөттөрдү отургузуу боюнча эстафетаны “Газпром нефть Азиянын” башкы директору Аскар Бектеновго өткөрүп берди. Аллеяга 400 даана тамырлуу даяр жазы жана ийне жалбырактуу бактардын липа, зараң, каштан, чынар, арча сыяктуу түрлөрү отургузулду. “Жашылдандыруу” ишканасы бак отургузуудагы керектүү курал-жарактар менен камсыздап беришти.

Ошондой эле мекеменин агрономдору көчөттөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрмө берип, аларды кантип туура отургузуунун жолдорун көрсөтүп берип жатышты. Жашыл көчөттөрдү сугаруу үчүн атайын канал казылып жана ирригациялык түйүн орнотулду. Мындан соң аллея толугу менен велосипед менен жүрүүгө ыңгайланып жасалмакчы.

Иш-чарага “Газпром нефть Азия” ишканасынын 170 кызматкери катышты. Ошондой эле компания иш-чараны атайын техникалар менен камсыздады.

Компания айлана-чөйрөнү ыңгайлуу сактоо жана пайдалануу концепциясын колдоп, бул багытта төмөнкүдөй программалардын алкагында иш жүргүзөт:

  • “Газпромнефть” май куюу түйүндөрүндө экологиялык ЕВРО-5 стандартындагы жогорку сапаттагы күйүүчү май куюлат;
  • Компаниянын бардык объектилеринде өнөр-жай жана экологиялык коопсуздук боюнча процедуралар толук киргизилген. 2015-жылдан тарта “Газпром нефть Азия” ушул тармакка эле 185 миллион сомдун айланасындагы акча каражатын жумшаган;
  • 2017-жыл “Газпром нефть Азияда” Экология жылы деп жарыяланды.

“Газпром нефть Азиянын” генералдык директорунун орун басары Аскар Бектенов: “Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо – компаниянын эң башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Ошондой эле ушул сыяктуу экологиялык өңүттөгү долбоорлорго катышууга жана колдоого дайым даярбыз. Бүгүнкү күндө ар бирибиз жаркын жана эң негизгиси саламат келечек үчүн өз салымыбызды кошуп жатабыз. Мен бул аллея аз убакыттын ичинде жашылданып, бишкектиктердин сүйүктүү эс алуу жайына айланат деп ишенем”, - деди.


кошулду





Бишкекте "Нефтяниктер аллеясы" пайда болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
31.10.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкек шаарына жашылдандыруу эн эле керек болчу. Ушундай иш-чаралар коп болуп турсун!!!Азаматтар!!!!
31.10.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн соонун газпромнефт жакшы иштерди жасайт ищинерге ийгилик элге мындан ары да кызмат кыла бергиле.
31.10.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өнүгүп өсө берели
01.11.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishinerge iygilik, Allahym koldosun!
01.11.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газпром нефть жакшы иш чара жасап жатыптыр многу кытай фирмалары коп алар бак дарак эксе болбойбу. ?Эптеп Кыргызстанды сормой.
01.11.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы иш болуптур. Бирок эми сугарып бактарга суу берип тургула бизде байкуш бактар суу жетпей эле куурап калчу эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: