super.kg logo

Бишкек шаарында 2017-жылдын велосезонунун жабылышы орун алды

 

29-октябрда Бишкек шаарында 2017-жылдын велосезонунун жабылышы орун алды. Анда жүздөгөн велосипедчендер шаардын көчөлөрүн басып өтүштү. Иш-чара "Экология жылы" деп жарыялаган “Газпром нефть Азия” компаниясынын байрагынын астында өттү. Бул жолу 600дөй велосүйүүчүлөрдү чогултуп, Кыргыз велоспортунун тарыхындагы эң масштабдуу иш-чара болду. 11 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан веломарш “R-Bikers” тоо велоспортунун федерациясы жана “BOOM Studio” ассоциациясынын көмөгү менен уюштурулган.

Чогулуу эртең мененки саат 8:30га дайындалган, бирок велоспорттогу жылдын эң башкы окуясын күткөн катышуучулар саат 7:00дөн баштап чогула башташты. Желектер менен кооздолгон "Газпром нефть" №4 май куюучу жайынын алдында велосипедчендердин колоннасы түзүлдү. Катышуучулардын көбү велосезондун жабылышына көптөн бери катышып бири-бирин таанып калган экен. Алар жылуу учурашып кезигишти.

Ар бир катышуучу “Газпром нефть Азия” компаниясынан атайын "Экология жылы" деген белгилери менен футболкаларды белекке алышты. Бардык велоспортчулар каттоодон өткөндөн кийин велосипедчендер стартка турушту. Саат 10:00дө велосипедчендер Патрулдук милициянын унаасынын коштоосунда финишти көздөй жүрүштү башташты. Велоколоннаны "Avtoinstall.kg" компаниясынын “VolvoSWAT” унаасы музыка жана ачык түстөгү желек менен коштоп жүрдү.

Авто жана жөө жүргүнчүлөр велоколоннаны сигналдар менен жана шаңдуу эмоциялар менен колдоп жатышты. Бул күнү “Газпром нефть Азия” компаниясы шаардын тургундарына чыныгы майрам уюштуруп берди.

Веложүрүш Кара-Жыгач сейил багында аяктады. Ал жерде шаңдуу музыка чыгып “Газпромнефть” май куюучу тармагынын “Drive Café” иштеп, катышуучуларды ысык кофе жана френч-дог менен сыйлады.

Велосипедчендерди финалдык марада “Газпром нефть Азия” компаниясынын маалымат кызматынын жетекчиси Айжан Тыналиева, “R-Bikers” тоо велоспорту федерациясынан Ярослав Юзефович жана “BOOM Studio” ассоциациясынан Егор Паньшин тосуп алышты.

Ошондой эле “Sun City” спорт комплексинин зумба-фитнес боюнча нускоочулар катышуучуларды бийлетип зумба-флешмобго тартты. Мындан кийин “BOOM Studio” ассоциациясы велосипедчендерге шаңдуу конкурстарды уюштуруп, “Газпром нефть Азия” компаниясынын атынан белектерди тапшырды.

“Газпром нефть Азия” компаниясынын маалымат кызматынын жетекчиси Айжан Тыналиева катышуучуларды куттуктап, компания ар дайым велосүйүүчүлөрдү колдогонго даяр экенин айтты. “Биздин компаниянын айлана-чөйрөгө этияттык менен мамиле кылуусу артыкчылык болуп саналат. Ошондуктан “Газпром нефть” май куюучу тармагында ЕВРО-5 экологиялык үлгүсүндөгү жогорку сапаттагы май сатылат”, - деди Айжан Тыналиева.

2017-жылдын велосезонунун жабылышы майрамдык салют менен аяктады. Фейерверктерди аттыруу үчүн “Газпром нефть Азия” компаниясынын өнөр жай жана экологиялык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Тимур Кыдыралиев, тажрыйбалуу жана тоо велоспортунун фанаты Адиль Жумагулов жана “R-Bikers” тоо велоспортунун федерациясынын өкүлү Ярослав Юзефович чакырылды. Салюттун кооз түстөрү менен бирге катышуучулардын дүркүрөгөн кол чабуусу менен 2017-жылдын велосезону расмий түрдө жабылды.

Кийинки массалык веложарыш 2018-жылдын велосезонунун ачылышында орун алат. Ал март айынын акыркы жекшембисинде өтөт.


кошулду





"Газпром нефть Азия" компаниясы айлана-чөйрөнү коргоого жана сергек жашоого чакырат

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: