super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар маданият министрлигине талапкер Жумагуловдон КТРКнын башчылыгынан кетүүгө эмне себеп болгонун сурашты

 

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Султан Жумагуловдун талапкерлиги каралып жатат.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев 2015-жылы КТРКнын башкы директорлук кызматынан кеткенине эмне себеп болгонун сурады. “Башкы директорлуктан эки ай гана иштеп кетип калдыңыз. Буга эмне себеп болду? Министр болуп калсаңыз КТРКнын башчылыгынан кетиргенге шарт түзгөн кызматкерлерди жумуштан айдабайсызбы?” - деп кызыкты депутат.

Султан Жумагулов аталган министрлик каналдын редакциялык, кадр саясатына кийлигишпей турганын билдирди. “Каналдын башчылыгынан өз эрким менен кеткем. Эмне үчүн кызматтан кеткенимди эртең Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып берем”, - деп убадалады Жумагулов.

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова Жумагуловго КТРКнын башчылыгынан кетип жатканда маалымат каражаттарына бир нерсе жакпай калганын айтканын эскертти. “Сизге эмне жакпай калганын так айтып бере аласызбы?” - деди ал. Ошону менен катар эле Өмүрбекова Жумагуловдон аталган телеберүү такталбаган маалыматтарды чыгарып жатканын айтып, бул абалды кантип оңдосо боло турганын сурады.

Султан Жумагулов кызматтан кетип жатканда маалымат каражаттарына маек бербегенин белгиледи. “Бир маалымат агенттиги мени менен сүйлөшпөй туруп ушундай маалымат чыгарышкан. Мен антип айткан эмесмин. Ал эми КТРКдан кеткенден кийин аларга баа бергеним туура эмес болуп калат”, - деди Жумагулов.

Белгилей кетсек, 28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулган. Анын ордуна министр кызматына сунушталган Султан Жумагулов Кыргыздагы белгилүү журналист, мурун "Азаттык" радиосунун, ЭлТР жана КТРК телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: