Бажы кызматындагы коррупция менен күрөшүү үчүн мамлекеттик кадр саясатын жөнгө салуу керектиги айтылды

Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте Бажы кызматындагы аткезчилик жана коррупция маселеси талкууланууда. Жыйындын жүрүшүндө коомдук ишмер Кадыр Кошалиев коррупциянын жок болбой жатышына мамлекеттик кадр саясатын айыптады. Ал коррупция менен күрөшүү үчүн коомдук көзөмөл күчтүү болуусу керектигин айтты.
"Азыр мыйзамдар иштебей жатат, айкындуулук жок, саясат менен криминал биригип кетти. Укук коргоо органдары мамлекеттин ичинде түзүлгөн де-факто системдин курмандыгы болуп калды. Ошондой эле азыр коррупцияны жок кылуу үчүн кадр саясатын жөнгө салуу керек", - деди Кадыр Кошалиев.
Жыйындын айрым катышуучулары Бажы кызматындагы коррупциянын орун алып жатышына бир катар себептерди ортого салып талкууга алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

