Депутат Осмонбек Артыкбаев парламентте тамеки тартуу үчүн атайын жай уюштурууну сунуштады
КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев парламентте тамеки тартуу үчүн атайын жай уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат парламенттин дааратканасы тамеки чегүүчү жайга айланганын айтты. Эл өкүлү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети вице-спикерликке көрсөткөн депутат Асел Кодуранованы бул боюнча көңүл бурууга чакырды.
Буга чейин 2017-жылдын башында дааратканада тамеки тартууга тыюу салуу маселесин аталган фракциянын депутаты Дастан Бекешев көтөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-3

