Кытайлык аялдын мурдунун ичине тиш өсүп чыгып аны дарыгерлер операция жолу менен алышкан




Кытайдагы Чанша шаарында 57 жаштагы аялдын мурдуна тиш өсүп, аны дарыгерлер операция жолу менен алышкан. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, аялдын мурду 10 жылдан бери бат-баттан канап турчу. Жыйынтыгында ооруканага кайрылууга аргасыз болуп, рентгенден мурдунун ичинде катуу бир нерсе бар экени аныкталган. Дарыгерлер муну кичинекей таш болушу мүмкүн деп божомолдошкон. Бирок операция учурунда мурундун ичине тиш өсүп чыкканы аныкталган. Тишти алышкан соң аялдын мурду бүтпөй, канаганы да токтогон.
Тиш доктурлардын айтымында, тиштер ооздун ичинен сырткары жерлерге деле өсүп чыгышы мүмкүн. Бирок мурундун ичине өскөн учур өтө эле чанда кездешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
ulik.uma04

31.10.2017. 18:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жерде кыймылдаган жаныбарды да жогуну да жей берсе тиш эмес башка нерсе да осуп чыгат ар жеринерге
Daiis

01.11.2017. 00:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООО кудурети кучтуу Кудай
Abdumital

05.11.2017. 00:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кандай шумдук
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.