super.kg logo

23 жаштагы Кыргыз кыз Түркияда эс-учун жоготуп 46 күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Апасы анын эки бөйрөгү иштебей калганын айтты

 

23 жаштагы Ширин Бейшембекова аттуу Кыргыз кызынын эки бөйрөгү иштебей калып Түркиянын Денизли шаарындагы жеке ооруканада 46 күндөн бери жатат. Апасы Анара Жамкешова 31-октябрда SUPER.KG'ге кызынын абалы өтө оор болуп жатканын айтып, жардам сурап кайрылды. Кызы Ширин бир жарым жыл мурун аталган шаарга барып башка бирөөнүн 2 жаштагы кызын багып иштеп жаткан.

"Кызым эки бөйрөгү иштебей калып, эс-учун жоготкон абалда 46 күндөн бери жеке ооруканада жатат. Дарыгерлер өпкөсүндө да дарт бар деп жасалма жол менен дем алдырышууда. Тамакты мурдунан салынган түтүк менен беришет. Жатканына бир жума болгондон кийин наркоздон ойготушкан, бирок кайра "ичине инфекция кирип кеткен" деп кайра наркоз сайып уктатып коюшту.

Бул ооруканада дарылануу аябай кымбат экен. Айрым кыргыз балдар жана кызым баласын карап иштеген үй-бүлө жардам берип жатышат. Бирок алардын да көп жардам берүүгө чамасы калбай калды. Ошондуктан элчиликке кайрылып, мамлекеттер аралык квота менен мамлекеттик ооруканага котортуп берүүнү сурангам. Элчилик Кыргыз мамлекетинин Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылса, 2017-2018-жылдарга каралган квоталар калбай калганы боюнча жооп келиптир. Элчилик менин өзүмдү кайрылып көрүүмдү айтышууда. Ошондуктан мамлекеттен, элден жардам сурайм", - деди Жамкешова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
31.10.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллах шыпаасын берсин! Батыраак озуно келип айыгып кетсе экен ата-энесинин, бир туугандарынын бактына.
31.10.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ибрагим жунусов эмне кылып журот айткыла ошого
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: