super.kg logo

Мурат Жуматаев Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды

 

Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп академик, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев шайланды.

Академиянын маалымат кызматынан билдиришкендей, жалпы чогулушту академик Алтай Бөрүбаев Жуматаевди колдоорун билдирип жатып: “Өлкөнүн жаңы бийлиги илимге эми көңүл бурат деген үмүттөмүн. Илимдин өнүгүүсү үчүн өкмөттүн колдоосу абдан маанилүү. Мисалы, айрым бир өлкөлөрдө фундаменталдык изилдөөлөрдүн мааниси улуттук коопсуздук маселелерине барабар экен. Илимдер академиясы 15 жылдан бери бир да мамлекеттик буюртма ала элек”, - деп кошумчалады Бөрүбаев.

Жуматаев илимий жетишкендиктер өндүрүшкө жакшы киргизилбей, өз ордун таппай жатат деген пикирин айтты. "Алгылыктуу багыттарды аныктап, жаңы ойлоп табууларыбыз колдоого алынса, биз жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерге ээ болобуз деген ойдомун”, - деди Жуматаев.

Жуматаевдин талапкерлиги 1 айдын ичинде өкмөт башчы тарабынан бекитилиши керек.

Айта кетсек, 31-мартта Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Ал мындай кадамын жаштарга жол берүү менен түшүндүргөн. Жуматаев 4-майдан бери аталган мекемени убактылуу жетектеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: