super.kg logo

1-ноябрда Бишкектин бир нече мектеп, бала бакча жана ооруканаларында ичүүчү суу убактылуу токтотулат

 

Эртең, 1-ноябрда Бишкек шаарынын бир нече райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасы кабарлайт.

Маалыматта белгилүү болгондой, суу эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 5:00гө чейин токтотулмакчы. Оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу темир жол тилкесинде, Фучик, Фрунзе жана Манас кең көчөлөрүндө жайгашкан турак жай мекемелерге суу берүү чектелет.

Алардын ичинде:

- №31, 13, 8, 2-орто мектептери, №9-окутуу-тарбиялоо комплекси;

- №8, 22, 72, 164, 165, 3 жана 167-бала бакчалары;

- Калык Акиев көчөсүндөгү №73-бала бакча, "Балдарды коргоо борбору", "Ош базарында", "Берекет-Гранд" жана "Арпа" ЖЧКсынын аймагында;

- Улуттук илимдер академиясы, Улуттук Банк;

- №2-клиникалык төрөт үйү, №1-шаардык клиникалык оорукана;

- Бишкек троллейбус башкармалыгы, Ленин райондук администрациясы, Ленин райондук соту;

- Кыргыз Эл аралык университети, Бишкек финансы-экономикалык академиясы;

- №100-лицей жана башка ушул аймактардагы мекеме, турак жайларга суу берүү токтотулмакчы.

"Бишкексууканал" ишканасы аталган аймактын тургундарына суунун запасын толуктап алууну эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: