Ошто 28 жаштагы жаран "тиги дүйнөдө маркумдарга жүк болбосун" деп көрүстөндөгү 51 күмбөздү талкалап салган
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Татар айылындагы мүрзөдөн 51 эстеликти талкалаган адамдын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя 28-октябрда болгон, анда 28 жаштагы ошол эле Татар айылынын тургуну 51 эстеликти кулатып, талкалап салган. Ал окуя болгондон бир күндөн кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Эми сот тарабынан баш коргоо чарасы каралат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал эми шектүү көрсөтмөсүндө 51 эстеликти кулатып, талкалаганын моюнуна алып, бул кадамга ал эстеликтер маркумдарга тиги дүйнөдө жүк болбосун деп барганын айткан.
Ошто жаран мүрзөдөгү 51 эстеликти талкалап салган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:22
2025-06-22

Рейтинг:
6

Окуя боюнча айтсам бироонун эстелиги болобу башкасы болобу эмнеге тийишет?
Сындырсан озункун сындыра бер да наржака!
Бироолорго тиги дуйнодо жук болобу болбойбу сенин кандай жумушун бар?!!!
А Сафед булан деген бул Ислам динин
Тараткан араб аскер башчысы болуш
Керек билишимче бул жонундо тарыхта
Дагы жазылган кенениреек
Сен мусулман болуп туруп Чубак ажынын ким экенин уга элексинби?мен бул жерде Чубак ажыны Кудай дей элекмин,болгону алда мага окшогон бир пенде,бир озгочолугу анын бизге караганда билими алда канча кучтуу,Аллах тааланын китебин окуп,пайгамбарыбыздын жолун жолдосок эч адашбайбыз,сага бир насаатым,шайтандарынды жок кылып ыйман келтир,кеч боло электе,мейли баарын де эчнерсе дей албайм,анткени тил сеники.