super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кыргыз жарандары башка өлкөдө кулчулукка туш болгону боюнча иш жүрбөй жатат”

 

Бүгүн, 1-ноябрда парламент жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов Кыргыз жарандары башка өлкөдө кулчулукка туш болгону боюнча иш жүрбөй жатканын айтты.

“Кыргыз өлкөсүнө салыштырмалуу Өзбекстандын эли 5 эсеге, Казакстандын эли 3 эсеге көп. Ал эми кулчулукка туш болгондордун саны боюнча биздикинен аз. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жумушту туура эмес алып барып жатат. Эмне үчүн бул боюнча иш жүрбөй жатат?” - деп эл өкүлү ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылды.

Курсан Асанов иш жүрбөй жатат дегенден алыс экенин билдирди. “Ички иштер министрлиги билинген гана маалыматтын үстүнөн иштеп калып жатабыз. Биз тышка чыгып иштебейбиз да. Маалымат түшкөн болсо арыздын негизинде кылмыш ишин козгойбуз”, - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: