super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Өмүрбектер парламенттен "айдалууда"

 

Бүгүн, 1-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңештин коалициялык азчылыктагы "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду кара булут каптаганы жатат. Эске салсак, ал шайлоодон утулгандан бери Ак Үйгө басып бара элек. Бул арада парламентте, айрыкча, анын фракциясында ага каршы процесстер жүрүүдө. Бабановдун ишенимдүү фракциялаштары ички талаш-тартыштардын сыртка чыгуусуна болушунча жолтоо кылып жатышат. Мисалы, Алтынай Өмүрбекова Бабановду лидерликтен кетирүү боюнча сөздөрдүн талкууланып жатканына "сырттагыларды" күнөөлөдү. Бирок президенттик жарышта Сооронбай Жээнбековду жандап жүргөн Зарылбек Рысалиев эми РАЖдын мүчөсү катары Өмүрбек Бабановду лидерликтен түшүрүүгө аракет жасайт деген божомол ишке ашып жаткандай. Албетте, Рысалиев муну толугу менен мойнуна алышы күмөн. Бүгүн ал: "Бабановду лидерликтен кетирүү боюнча 11 депутат кол коюптур деп уктум. Мен да макул болуп, 12-депутат катары кол коюуга даярмын, - деп, Бабановго каршы операциянын уюштуруучусу эмес экенин ишендирүүгө аракет кылды. “Республика-Ата-Журт” фракциясы 28 депутаттан турат. Демек, лидерин кетирүүгө 14+1 мүчөсүнүн макулдугу керек. Эгер Рысалиевдин кол топтоо боюнча айтканы чын болсо, анда 3 эле депутатты Бабановго каршы чыгууга көндүрүү калды.

Эске сала кетсек, "Республика-Ата-Журт" 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында түзүлүп, Жогорку Кеңешке өткөн 6 партиянын ичинен 2-орунду ээлеген. Бирок РАЖ коалициялык көпчүлүктүн курамына кошула элек. Ошондой эле, Бабановдун президенттик жарышта утулушунан улам бийликтен четте калуу ага ишенген фракциялаштарынын санын кыскартышы мүмкүн. Ошондой эле, парламенттик коалицияны башкарган КСДП РАЖды ыдыратуу аркылуу парламенттик оппозицияны биротоло алсыратууга кызыкдар. Социал-демократтар "лидериңерди алмаштырсаңар - коалицияга киресиңер" деген шарт коюшу да мүмкүн. Кыскасы, Бабановду кетирүүгө ыңгайлуу жагдай түзүлдү. Мындай кырдаалда ал ишке киришип, фракциясында тартипти орнотпосо, бир гана анын саясий келечеги эмес, чала жан абалдагы парламенттик оппозициянын келечеги оорлошу ыктымал...

8 жылга эркинен ажыратылып, учурда №47-түзөтүү колониясында отурган оппозиционер Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылды. Анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимди бүгүн, 1-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Бул чечим бир добуштан кабыл алынган жок, каршы деп добуш бергендер да болду. Алардын бири Атыр Абдрахматова БШК Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча шашылыш, негизсиз чечим кабыл алганын айтты.

Талаш-тартыш эмненин негизинде болуп жатат? Конституциянын 73-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен БШКнын чечими менен жүзөгө ашырылат. Абдрахматова шаардык соттун өкүмү БШКга 28-октябрда келип түшкөнүн негиз кылып, мыйзамда белгиленген 30 күн 28-октябрдан тарта эсептелиши керектигин айтууда. "Буга байланыштуу Текебаевди мандаттан ажыратуу маселесин кароого дагы убакыт бар эле", - дейт Абдрахматова. Ал эми БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Өмүрбек Текебаевге карата шаардык соттун өкүмү бир ай мурун 2-октябрда чыкканына таянып, эсепти бул өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тарта баштоодо. Конституциядагы мыйзамдарды ар кандай түшүнүүгө мүмкүн болуп жатканда, бийликтин чечмелөөсү "туура" деп чыгышы адаттагы көрүнүшкө айланды...

Көрүстөндөгү маркумга багышталып тургузулган 50дөн ашуун эстеликтерди жыгып, айрымдарын бузуп салган деп шектелип Ош шаарынын тургуну кармалды. Ал мындай жоругун “мүрзөгө эстелик койбош керек, маркумдарга жүк болуп жатат” деп түшүндүрүп, күнөөсүн моюнуна алган. Шектүү өзү 28 жашта, эч жерде иштебейт жана бойдок. Ага карата “өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш-Жаза кодексине ылайык, мындай жагдайда жазалануучулар 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Туура бир жыл мурун ушул мезгилде баптист делген аялдын сөөгүн жерге берүү көйгөйү резонанс жараткан окуяга айланган эле. Анда да дин маселесинин айынан жаралган курч талаш-тартыш коомчулукту экиге бөлгөн. Пианист Азамат Сыдыков “үч ирет жайынан казылган аялга мүрзөдөн тынч орун бере албаган Кыргыз бийлигин айыптайм” деп чыккан. Маркум аялдын сөөгүн акыры кайда көмүлгөнүн элден жашырууга туура келген. Жыйынтыгында, Ала-Бука районунда мусулман дининен башканы тутунгандар үчүн көрүстөнгө жер бөлүндү. Ал эми баптист делген аялдын сөөгүн жайынан казып алууга шектелип 3 адам кармалган. Анын экөө шарттуу түрдө 1 жылдан кесилип, бирөө айыпталуучу менен элдешип, тосмо арыз жазылганы үчүн ага карата кылмыш иши кыскартылган.

Диний маселеге байланыштуу окуялар такай чоң талкууга алынат жана анын жүрүшүндө түрдүү сунуш-пикирлер айтылат. Бирок бийлик тарабынан бул жаатта кылдат мамилени талап кылган терең иликтөө болбой келет. Мунун кесепетинен жылдан жылга диний маселелер ырбап, кооптуу күчкө айланып бара жатат...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: