super.kg logo

Кыргыз милициясы бүгүн 93 жылдыгын белгиледи

 

1-ноябрь - Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү. Милиция кызматкерлери ар жыл сайын бүгүнкү күндү кесиптик майрамы катары белгилешет. Тарыхка кайрылсак, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун чечими менен жергиликтүү милиция түзүлүп, анын жетекчилигине П.Арумов дайындалган. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүктү алгандан кийин бул күн милиция кызматкерлеринин күнү катары 1991-жылдан баштап расмий белгилене баштаган.

Салтанат кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерине арнап тургузулган эстеликке министрдин жана өкмөт мүчөлөрүнүн гүл коюусу менен башталды.

Андан соң ИИМдин салтанаттуу жыйындар залында министрликтин борбордогу жана башка облустардагы бир нече кызматкерлери өлкө президентинин, өкмөттүн жана ИИМдин атынан алкыштарга жана сыйлыктарга ээ болушту. Алгач салтанаттын башында ички иштер министри Улан Исраилов сөз сүйлөп, жалпы милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Иш-чарага өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан президенттик аппараттын башчысы Алмаз Усенов келип сөз сүйлөп, сыйлыктарды ыйгарды. Андан соң өкмөт башчы Сапар Исаковдун атынан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев сөз сүйлөп, өкмөттүн атынан сыйлыктарды, алкыштарды тапшырды. Ошондой эле кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин жубайларына министрликтин атынан 5000 сомдон акчалай каражат берилди. Иш-чаранын соңу концерттик программа менен коштолду.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты да жалпы милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен кызуу куттуктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.11.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман ачылыпсыңаргоо Улан,Сүйүн жана башка үкалар))
01.11.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алга Суйун ака
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: