super.kg logo

Министрлик: "Түркияда эки бөйрөгү иштебей менчик ооруканада жаткан Кыргыз кызды мамлекеттик ооруканага которуу боюнча аракеттер жүрүүдө"

 

Түркияда эки бөйрөгү иштебей менчик ооруканада 46 күндөн бери жаткан 23 жаштагы Ширин Бейшембекованын дарылануусу боюнча Кыргыздын Түркиядагы элчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бейтаптын апасы элчиликке кайрылгандан кийин Кыргыз элчилиги Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышкан. Учурда Ширин Бейшембекованы мамлекеттик ооруканалардын бирине которуп бекер же жеңилдетилген түрдө дарылануусуна шарт түзүү аракеттери көрүлүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин 31-октябрда SUPER.KG'ге Ширин Бейшембекованын апасы Анара Жамкешова кызы Түркиянын Денизли шаарындагы менчик ооруканада 46 күндөн бери дарыланып жатканы тууралуу билдирген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.11.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЛЛАХЫМ шыпаасын берсин!
01.11.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anichka12, Сайттын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер admin@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: