super.kg logo

Курал Чокоев, Ильяз Андаш: "Биз сахнага акчасы жок келген ырчыларбыз"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG'нин түз эфиринде белгилүү эстрада ырчылары Курал Чокоев менен Ильяз Андаш конокто болот. Мырзалардын канчалаган ырлары буга чейин деле популярдуу болуп келген. Бирок 2 ырчы биргеликте "Сейдакматтын ырына" жаңы өмүр берип, аны хитке айлантышты. "Ачуу айрандан, арыктагы суудан ичкен" мырзалардын жеке жашоосу, келечектеги пландары тууралуу сизди көптөн бери кызыктырып, бирок жооп ала албай жүргөн суроолоруңуз болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Ырчылар суроолорго түз эфирден жооп берет.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда ушул кабардын астына жазып, жооп алсаңыздар болот.

15:00 Ырчылар Курал Чокоев менен Ильяз Андаштын түз эфирдеги маеги башталып, алып баруучулар даярдаган "Ойготкуч" суроолорго жооп беришүүдө.

15:06 Окурмандын "Силердин "Сейдакматтын ыры" деген ырыңар аябай хит болду эле. Дагы качан ушундай хиттерди жаратасыңар?" - деген суроосуна, "Бизди ушул ырдан соң дуэт катары кабыл алгандар көбөйдү. Биз дуэт эмес, жеке ырчыларбыз. Азырынча кайра чогуу ыр жазуу пландарыбыз жок", - деп жооп беришти.

15:12 Суроо: "Курал, сен модель болсоң болчудай. Бул жаатка аралашуу планың жокпу?"

"Негизи өзүмдү ар тараптан сынап көргөндү жактырам. Азыр спорт залга барып машыгып турам, балким, келечекте моделдик кесипке аралашып калармын", - дейт Курал Чокоев.

15:16 Окурмандын "тойлорго чогуу көп чакырышабы же өзүнчөбү?" деген суроосуна "өз-өзүнчө көп чакырышат. Кээде экөөбүздү тең чакырып, Ильяз менден биринчи "Сейдакматтын ырын" аткарып койгон учурлар болот. Мындан улам Ильяздан биринчи барып, мен биринчи ырдаганга аракет кылып калам. Ошентип чогуу аткарган ырыбыз талашка түшкөн учурлар болот. Ортобузда бир аз атаандаштык бар", - деп күлдү Курал Чокоев.

15:20 Суроо: "Курал, сен бир кыз менен сүйлөшүп жатам деп айттың эле. Мамилеңер уланбай калдыбы?"

"Эмнеге уланбай калды? Сүйлөшүп эле жүрөбүз", - деди ырчы. Ошондой эле жаштык кылып эрте үйлөнүп, 1 балалуу болгондо ажырашып кеткенин айтты.

15:25 Окурмандын Курал Чокоевдин стили тууралуу берген суроосуна, "Ар дайым интернеттен заманбап кийимдерди, модаларды карап турам. Ошого жараша кийинем. Коллекциямда 4 шляпа бар, алмаштырып кийип турам. Соңку учурда Конор Макгрегордун кийинүү стили жагып жүрөт", - деп жооп берди.

15:32 Ырчылар алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.

15:35 Ильяз Андаш менен Курал Чокоев гитаранын коштоосунда жандуу үн менен "Сейдакматтын ырын" аткарышууда.

15:40 Курал Чокоев жеке жашоосу жөнүндө айтып жатып, "Азыр 30 жаштамын, 31 жашка чыкканга чейин сөзсүз үйлөнөм. Азыр баары эле "Качан үйлөнөсүң?" деген суроону бере башташты", - деди.

15:46 Суроо: "Ильяз, жубайың менен такыр урушканыңды уккан эмесмин. Үлгүлүү үй-бүлөнүн сыры эмнеде, кеңеш бере кетсеңиз?"

"Менимче, жубайым экөөбүз эки башка кесиптин ээси болгонубуздун натыйжасы болуш керек. Мен мурун эле шоу-бизнес чөйрөсүнө тиешеси жок кызга үйлөнөм дечү элем. Ошол тилегиме жеттим. Бизде деле уруш-талаш болот, албетте, бирок аны элге жарыя кылуунун кажети жок деп ойлойм", - деп жооп берди.

15:50 Суроо: "Силер элита ырчыларына киресиңерби же...?"

"Биздин бардык чыгармачыл инсандар менен мамилебиз түз. Элита же башка деп бөлүнбөйбүз, биз сахнага акчасы жок келген ырчыларбыз. Экөөбүздүн тең музыкалык билимибиз бар, жөн эле көчөдө жүрүп, тааныш таап алып шоу-бизнеске аралашып калгандардан эмеспиз", - деп жооп беришти.

15:55 Окурмандын "Ильяз, жубайың кош бойлуу кезинде ичин көрсөтүп сүрөткө түшүп, элге жарыялаган. Бул үчүн ата-энеңерден тил уккан эмессиңерби?" деген суроосуна, "Мен адамга "жок" деп айта албайм. Жубайым ошентип сүрөткө түшкүм келип жатат дегенде да каршы болгон эмесмин. Бирок аны социалдык тармакка жүктөй турганын билген эмесмин. Сүрөт элге тарап кетери менен ата-энебиз аябай катуу урушуп, дароо бардык жактан өчүрткөнбүз", - деп жооп берди.

16:00 Окурмандын суранычы боюнча кемпир-чалдын образын аткарып, андан соң жандуу үн менен ырдоого өтүштү.

16:15 Ырчылардын SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





Курал Чокоев, Ильяз Андаш: "Ортобузда атаандаштык бар"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(19)
01.11.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Салам ден соолук, иштер, жашоо кандай ?
Бизге кемпир чалдын образын ойноп бергилечи картайганда суйуусун арнаган же кемпир чалдын уну менен ырдап оюн аткарып бергилечи .
01.11.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам super.kg салам достор шоу бизнесте кайсы инсанга таянып же улгу аласыздар же ошондой денгээлге жетсем дейсиздер .
01.11.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы?Биз мусулман болгондон кийин ушундай суроо бергим келип жатат,Кудай учун жана озунор учун сооп алуу учун,Колунда жок жардамга муктаж инсандарга ушул кунго чейин каржы жагынан жардам бергенсинерби как садага катары белгилуу бир олчомдогу акча менен!
01.11.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин суроом Куралга, Курал сен бир тойдо Чыгыш Эл ыры деп "Кокон гилас" деген ырды аткардын. Менин билишимче ал ырдын автору Расул Маматкулов. Эч ким билбей калат деп ойлодунбу? Бул сенин эки жуздуу алдамчылыгындан кабар берет. Авторду атап ырдасан бир жерин кемип калабы? Деги бул ырды сен автордон сатып алдын беле же бекер эле алып ырдап журосунбу? Ошол ырдын арты менен нан таап жатканындан кийин эркекче журбойсунсу!
Akberdiev түзөттү 2017-11-01 16:14:01
01.11.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akberdiev,Э тообооо ырчылардын баары эле автору ким болбосун Чыгыш бийи Чыгыш ыры деп жон гана А тап койотго,Эми ошол ырды айтканын да короалбай жазганынды эркексинби эркектейле болда нары,Расулдун ырын ырдап жатам деп майдаланып тойдо айтышы ккби Эми?
02.11.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Elitta, Башынды иштетип анан жаз! Чыгыш бийи, ыры деп башка олконун ырын айтат. Кыргыз жазган ырды чыгыш Эл ыры деп атаган Куралдын XXXX, а Сен ошону тушунбой мага жазган XXXX. Дагы уялбай Расул байкенин бешигин терметкенсип сенсиреп койосун да, атан менен тен киши. Авторду атабаса койсун бирок "Чыгыш Эл ыры" деп айтканы аферисттик.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-02 09:25:28
01.11.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Ырчы жигиттердин арасында да интрига барбы? Элита ырчысы же колхозный варианттагы ырчы дейт беленер, ошонун кайсынысына кошуласынар? Озунорго берген баанар?
Медиа-портал
01.11.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинерге ийгилик
01.11.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кызыл көйнөкчөн кыздын аты ким?
SUPER.KG видео
01.11.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсынар, унунорго береке. Жыргап уктум, голосунарга 555
01.11.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курал мырза мага жагасыз, анан уйлонбогонунуздун себептерин жок кылуунун жолдорун тапса болот же жардамым тиет. Таанышып корсок кандай дейсиз? ))))
01.11.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз неге жооп бербейт ,суроолордун баарын Курал эле илип кетип ататко
.
01.11.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы. Илбяз байке сиз мага жагасыз. мЕНИН УЙ БУЛОМ БАР.Анча мынча жолдошумун мунозун сизге окшоштуруп турмущка чыкканмын. ушунунздан жазбаныз. озгочо аялынынзды сыйлаганыныз жакты. водовоз ырын ырдап беринизчи. рахмат
01.11.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз,тундук-туштук болуп болунгондорго кандай насаат айтат элен.
2.Апан учун эмне жасадын
3.Ун бар ,келбет бар кобуроок аракеттен демекмин сага,рахмат.
01.11.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экооно аябай суроо беришиптир го жааадырып))кооп болуп кетиптир мен бербейлн коейун
01.11.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз тартиптуу баладай корунот. Ишинерге ийгилик. Чмоки.
01.11.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунордун ырынар жок,изденуу жок даяр ашка дайынсынар
02.11.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akberdiev, Elitta, этика нормаларын сактаңыздар. Жеке айтышууларга жол берилбейт.
SUPER.KG видео
19.11.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин суроомду окубай коюшуптур ((((((((
Атайын издеп таап видеосун кордум эле, бекер эле убакытым короптур, мындан кийин эсте болот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: