super.kg logo
  Саясат  

БШКнын төрайымы: “Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча спикерден сунуш түшкөн эмес”

 

Бүгүн, 1-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу маселеси каралып жатат. БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова билдиргендей, айрым маалымат каражаттары Текебаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдон кайрылуу түшкөнүн жазышты. Абдрахматова кайрылууну көрө электигин айтты.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Дастан Жумабековдон сунуш түшпөгөнүн билдирип, маалымат каражаттары кайсы булактарга таянып жазганын билбей турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. 24-октябрда жактоочу Чынара Жакупбекова Текебаев боюнча соттордун өкүмүнө каршылык билдирип, Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: