super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев эми депутат эмес. БШК аны мандатынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды

 

Бүгүн, 1-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды.

Жыйын башталганда БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бул маселени күн тартиптен алып салууну сунуштады. Бирок анын сунушу добушка коюлуп, колдоо тапкан жок.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, Текебаевдин жактоочусу Жогорку сотко арыз бергенин айтып, мандаттан ажыратуу маселесин кароону токтотуп туруу боюнча комиссияга кайрылган. “Бирок Конституциянын 73-беренесине ылайык, соттун чечими чыккандан кийин 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алышы керек”, - деди Шайлдабекова.

Жыйынтыгында чечим колдоо тапты. Бул чечимге Атыр Абдрахматова менен Гүлнура Журабаева "каршы" деп добуш берди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. 24-октябрда жактоочу Чынара Жакупбекова Текебаев боюнча соттордун өкүмүнө каршылык билдирип, Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: