Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу жумалыгы өтөт
2-9-сентябрь күндөрү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу жумалыгы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда аталган шаардагы “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов Бишкекте журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Маалым болгондой, бул күндөрү улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Р.Эшимовдун айтымында, иш-чараны өткөрүү үчүн Ростов облусунун администрациясы 40 миң рубль бөлүп берген. Айта кетсек, жумалык Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып өткөрүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.