super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: Туулган күнгө анчейин маани бербеген Кубик Калыков 52 жашка толду. Ырчы тууралуу кызыктуу фактылар

 
Куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков бүгүн, 2-ноябрда 52 жашка толду. Туулган күнгө анчейин маани бербеген ырчы SUPER.KG порталына бүгүнкү күнгө эч кандай план түзө электигин айтты.
"Таң аткандан бери тааныш-билиштерим телефон чалып, куттуктоо сөздөрүн арнап жатышат. Азыр эле өлкөдөгү радиолордун биринен алып баруучулар байланышка чыгып, түз эфирден тамашага салып куттуктап жатышпайбы. Аябай маанайым көтөрүлүп калды. Анан да бирөө номериме 500 бирдик жүктөп коюптур, ким экенин билбей отурам. Өзүм туулган күнгө анча деле маани бербейм. Бүгүнкү күнгө да эч кандай план түзө элекмин. Менимче, үйдө эле үй-бүлөм, бала-чакам менен өткөрсөм керек", - деди ал.
Кубик Калыков 1965-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында туулган. 1980-жылы туулуп-өскөн айылындагы М.Горький атындагы орто мектепте 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы маданият техникумуна тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Москвада аскердик кызматын өтөгөн. Ал эми 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Учурда анын 100дөн ашуун обондуу ырлары, 30-40тай сатиралары бар.

Кубик Калыков тууралуу кызыктуу фактылар:Балалык кези

  • Салмагы 42 килограмм болгондуктан аскерге кабыл албай коюшкан. Арадан 2 жыл өткөн соң бир аз салмак кошуп, анан Москвадан өз милдетин өтөп келген;
  • "Жубайымды биринчи көргөндө жактырып, экинчи жолукканда боёксуз кандай көрүнөрүн билүү үчүн сууга алып барып бетин жууп салсам, үчүнчү жолугушууда ала качып кеткем", - деген ырчы өз маегинде.
  • Кубик Калыковдун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Менде кыйраткан деле үн жок, балдарымды багуу үчүн ырчы болгом", - деп айтканы бар.
  • 2009-жылы буту катуу ооруп, операция жасаткан;
  • Кызы Айпери Кубик кызы ата жолун жолдоп, шоу-бизнестен өз ордун тапкан.

2-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
02.11.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун Кубик болуп атын озгорткон ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: