super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: 35 жашка толгон Айжамал Кабылова туулган күнү менен уулунун сүннөт тоюн чогуу өткөрө турганын айтты

 

Бүгүн, 2-ноябрь - легендарлуу "Кыз-бурак" тобу аркылуу элге аты таанылган эстрада жылдызы Айжамал Кабылованын туулган күнү. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыкканда, бүгүн үй-бүлөсүндө кош майрам экенин айтты.

"Азыр Оштомун, кечээ концертте жүрүп үйгө кеч келгем. Аз өтпөй эле эшигимдин коңгуроосу кагылып, ачсам Асел Касымова, Максат Довранов баштаган кесиптештерим таттууларын көтөрүп алып куттуктап келишиптир. Бүгүн менде кош майрам, тагыраагы, маданият кызматкерлеринин күнү жана туулган күнүм. Аны менен катар уулумду сүннөткө отургузгам, кечинде тууган-урукту чакырып, бата алсак деп ниет кылып жатам. Азыр ошого даярданып, базарда жүргөн болчумун", - деди ырчы.

Айжамал Кабылова 1982-жылы 2-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөн. Болочоктогу ырчы 6-классынан тарта "Кыз-Бурак" тобуна алынып, аталган топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын колунда тарбияланган. Турмушка чыкканга чейин аталган топто чыгармачылыгын өстүрүп, үй-бүлөлүү болгон соң топтон кетип, чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Ал арада ырчы 1 кыз, 1 уулдуу болгон. 2010-жылдан тарта Айжамал Кабылова жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланткан. Өткөн жылдын январь айында жолдошу менен түшүнбөстүктөр болуп, эки башка жолду тандашканын жарыялаган.

Айжамал Кабылова тууралуу фактылар:

  • "Жамгырдын жаап турганынан ырахат алам. Кызыгы, жыл сайын туулган күнүмдө белек катары жаан жаайт", - деген ырчы өз маегинде. Ал эми бүгүнкү туулган күнүндө жамгыр жаайбы же жокпу азырынча белгисиз;
  • Сүт азыктарын таптакыр жей албайт, ачуу тамактарды жакшы көрөт;
  • “Сволочь” деген сөздү көп колдонот. Кийин өзү байкап калып ачуусу келет;
  • Мурда таарынычы кеч жазылчу, азыр деле таарынчаак, бирок бат эле жазылып кетет;
  • Көк бет, кылам деген ишин аягына чыгармайынча жаны тынбайт.

2-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
02.11.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кок беттиги корунуп турат.
02.11.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чоон эле аял болуп калыптыргоо 35 жааш
02.11.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурун берекелуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: