super.kg logo

Дональд Трамп Нью-Йоркто болгон теракттан кийин грин-карт лотереясын жоюуга чакырды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп грин-карт лотереясынын жардамы менен аталган өлкөдө жашоого уруксат берүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нью-Йоркто өзбек улутундагы эмигрант жасаган теракттан кийин Дональд Трамп грин-карттарды таратууну токтотуу керек экендигин айтып чыккан.

Терактка шектелип кармалган 29 жаштагы өзбек жараны Сайфулло Саипов 2010-жылы грин-карт утуп алып, ошонун негизинде Америкага барган.

"Террорист биздин өлкөгө дал ошол грин-карттын жардамы менен келген. Мындан кийин эч кандай грин-карт лотереялары ойнотулбайт. Биз катаал жана акылдуураак болушубуз керек", - деп билдирүү калтырган Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Эскерте кетсек, 31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасы менен жөө адамдарды тебелеп кеткен.

DVLP грин-карт программасы 1990-жылы башталган, ал Мамлекеттик департамент тарабынан ишке ашып келет. Программанын негизинде жыл сайын 50 миң грин-карт ойнотулат. Бул лотереяга айрым чектөө киргизилген мамлекеттерден тышкары бардык өлкөлөрдүн жарандары катыша алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.11.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушу туугандар куйгуздуго кишини. Бекем ХХХХ алып иштей бербейби. Эми канча кишинин максаты ишке ашпай калат
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-02 12:24:19
02.11.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эу Трамп мен ута албай журом кичине чыдай тур быйыл да тапшырдым эле.
02.11.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир адамдын айынан тынч Америкага кирип чыгыш да кыйын болмой болду(((
03.11.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аны кандай утат
03.11.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтып койгулачы сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: