super.kg logo

Кыргыз-Казак чек ара маселеси боюнча депутаттар жабык эшик артында эмнени талкуулаганы белгилүү болду

 

Кечээ, 1-ноябрда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында өкмөттүн Кыргыз-Казак чек ара маселесине байланыштуу маалыматтарын уккан. КСДП фракциясынан депутат Улан Примов жабык эшик артында талкууланган маалыматтарды айтып берди.

"Өкмөт чек арадагы кырдаалдан жабыр тартып жаткан ишкерлерди, дыйкандарды салык жана башка төлөмдөрдөн бошотуп, аларга жеңилдетилген насыя берүү, жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Өкмөт чек ара маселеси жакынкы бир-эки айда чечилиши керектигин билдирди. Өкмөт мүчөлөрү ЕАЭБдин алкагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөнүн, бул союздан министрлер чакырылганын, Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылуу жазылганын айтышты. Ушул маселенин коңшу өлкө менен дипломатиялык жол менен чечилишин күтүп жатабыз", - деди Примов.

"Ал эми Кыргыз бажысы аркылуу аткезчилик жол менен Кытайдан товарлар келет деген Казакстандын дооматы боюнча ЕАЭБдин атайын комиссиясы иштеп жатат. Менимче, тийиштүү комиссия бул иликтөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөтөт", - деп кошумчалады депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.11.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Казакстандын жук ташуучу унаалары Россиянын складтарына товар ташып жатышпайбы кантип бизди куноолу кылышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: