super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгына канааттанышты

 

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык боюнча маалымат берди. Өкмөт мүчөлөрү депутаттардын күз-кыш мезгилине карата аткарылган жана пландалган бардык жумуштары боюнча суроолоруна жооп берди.

Депутаттар Азамат Арапбаев менен Аскар Шадиев күн жылып кеткенинен улам Бишкектеги жылуулук системин кайра өчүрүү болбогондуктан, мамлекет ашыкча чыгымдарга жол бергенин айтышты. Эл өкүлдөрү буга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону сунушташты. Зилалиев бул сунуштарды Жогорку Кеңештин токтомуна киргизүү сунушун колдой турганын билдирди.

Жыйынтыгында депутаттар өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгын канааттандырарлык деп тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: