super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча кыргыз курамасынын машыктыруучусу: "Бүгүнкү жеңилүү биз үчүн жакшы сабак болду"

 
Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Николай Южанин
Оман курамасынын машыктыруучусу Рашид Аль Яфаи

"Кыргыз курама командасы жакшы оюн жүргүзүп, сапаттуу оюн көрсөттүк". Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Кыргыз-Оман беттешинен кийинки маалымат жыйында Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Николай Южанин билдирди.

Анын айтымында, аталган беттеш абдан кызыктуу болду жана жыйынтыкты алдын ала айтуу мүмкүн болгон эмес. "Оюндан кийин мен командама рахмат айттым, анткени оюн жакшы болду. Бирок күйөрмандардын алдында кечирим сурайт элем. Оюн тууралуу айта кетсем, биздин команданын оюну жакшы эле жүрүп жатты, сапаттуу оюн көргөздүк. Гол киргизе албаганыбыз бул биринчи жолу кайталанган жок, ал эми өткөрүп жиберген голдор жаштык катадан улам келип чыкты. Биз үчүн бул жакшы сабак болду. Эми биз каталарды оңдоп кийинки оюнга даярданабыз. Кийинки оюнга, албетте, негизги курамда өзгөрүүлөр болот", - деди Кыргыз командасынын машыктыруучусу.

Ал эми Оман курамасынын машыктыруучусу Рашид Аль Яфаи оюн абдан оор өткөнүн айтты. "Жыйынтыктагы эсепке карабаганда, бул оюн биз үчүн абдан оор өттү. Кыргыз курамасы уюшумдуу команда экенин жана басым менен ойной турганын билгенбиз. Биринчи таймда эки команда тең каталарды кетирип жатты, биз бул каталарды 2-таймда оңдоп жана жоюуга үлгүрдүк. Алгачкы гол биз тараптан абдан жемиштүү болду, ал эми 2-гол менен биз оюнду кызыттык деп айтса болот. Көбүрөөк гол киргизгенге мүмкүнчүлүк бар болгону менен, аларды биз ишке ашыра алган жокпуз. БАЭ курамасынан биринчи оюнда жеңилүү ызасын тарткандан кийин биз жеңишке жеткенибизге абдан кубанычтамын. Биз эми кийинки оюнга даярдык көрүп алдыга гана карайбыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-ноябрда футбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугун тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз курама командасы Оман командасы менен беттешип 0:3 эсеби менен жеңилип калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
02.11.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сабак болду дейтко, не бул убака чейин силерге сабак болбоду беле, майли эми кийинки оюнду БАЭ тын ири эсепте утсанар шанс бар кийинки турга откону алга Кыргызстан.
02.11.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен билгени женилип эле келатасынар сабак алып буто албай атасынарбы дале?
02.11.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ха качан жендинер озу озбек казактарга женилип келе жатасынарго
02.11.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гол киргизе албаганыбыз биринчи жолу эмес дегени эмнеси?! Анда катары менен ,бул биринчи жолу эмес деп женилип отура бергиле! Жаштык кылып койлу деп коет дагы,ошолорду уйротуп жатканда каякты карадын?ушуларга караганда кочо чанытып футбол ойногон балдар толковый!
02.11.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москва ж.б олуолордо мекендештер футбол ойноп турушат ошондо да ушулардан мыкты ойнойт!Жакшы оюн коргозгонунордун эч кимге пайдасы жок,жениш керек!
03.11.2017. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра-кайра сабак боло береби.Бестолковыйлар айткандан да уялышпайт экен.Ушул былжырактардан коро айыл-кыштактардан топтоп бир аз жол-жобосу менен машыктырса мыкты футболисттерди тапса болот.И нормальный тренер керек.Болбойт тиги аккулак.Карасан эч бир куйбогондой,баарибир дегендей отурат
03.11.2017. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч качан сабак бербейт экенсинер да сабак алып эле журо берет экенсинер омурунор откончо
03.11.2017. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы соз таап алыпсынар утулсанар эле сабак алдык деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: