super.kg logo

Бишкектин четиндеги Ала-Арча суу сактагычына эки тонна балык коё берилди

 

Бишкектин четиндеги Ала-Арча суу сактагычына эки тонна балык коё берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына өлкөдөгү балыкчылардын демилгелүү тобунун мүчөсү Болотбек Алымкулов билдирди.

Алымкуловдун айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты балык чарбасынын жана туризмдин өнүгүшүнө салым кошуу.

"Биздин демилгелүү тобубуздун курамында азыр 70 бала бар. Алар менен кеңешип өлкөдөгү көлдөрдө балыктын көбөйүшүнө салым кошууну чечтик. Арабыздан акча чогултуп, биринчи акциябызды Бишкектин четиндеги Ала-Арча суу сактагычынан баштадык. Эки жума чогултулган акчага кечээ, 1-ноябрда эки тонна балык коё бердик. Тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат алганбыз. Эми экинчи акциянын алкагында дагы 3 тонна балык коё берүүнү пландап жатабыз", - деди Алымкулов.

Ошондой эле ал мындай иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да уланарын кошумчалады.

"Өлкөдөгү бардык көлдөргө балык коё берүүнү ойлоп жатабыз. Бирок иштин баары акчага барып такалат экен. Биздин курамыбыз бизге колдоо көрсөткөндөр көбөйөт деп ишенебиз. Эгер көлдөрүбүздө балыктар көп болсо туризмдин дагы өнүгүшүнө салым кошот эле. Мамлекет болгону балыкты мыйзамсыз кармагандарды тыйып берсе, биздин кылып жаткан иш келечекке сонун инвестиция эле", - деп айтты Болотбек Алымкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.11.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бат эле кууруп жеп коюшат 2тонна да кеппи
02.11.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар
02.11.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээми жакшы коругула 2 жыл 200 тонна болот тез эле
02.11.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мисалы балык кобойтуу учун болгон жардамымды аябаймын.Туризм жана инвестиция учун дейсинер ошол жагы ойлондуруп койду.Мисалы мен бир жылдары ошол балык багылган колдорго эс алуу учун барып калсам ал жердеги кызматкерлер айтат.-Балык уулоонун бир сааты 50$же балыктын бир килограмы 50$деп. А мен сураймын эмнеге мынча кымбат деп.Ал айтат..Бул жер туристтер учун атайын жасалган деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: