Ошто үйдүн пайдубалы басып калып изделип жаткан жумушчунун жансыз денеси 5 метр тереңдиктен табылды

Ош шаарында канализация казып жатканда үйдүн пайдубалы басып каза болгон жумушчулардын экинчисинин да жансыз денеси табылды. ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов SUPER.KG'ге билдиришинче, анын жансыз денеси саат 16:30да 5 метр тереңдиктен табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.
"Каза болгондордун бири Максүт В. менен экинчи болуп табылган 1986-жылы туулган Нуркамилжан А.нын жансыз денелерин туугандарына өткөрүп бердик", - деди Баймуратов.
Ал эми алар менен бирге иштеп жатып жаракат алган Нурабиджан И. дарыгерлер тарабынан текшерилүүдө. Алар Ош шаарынын түштүк тарабындагы Бир-Адыр айылынын тургундары.
Эскерте кетсек, бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарындагы Памир көчөсүндө үч жигит канализация казып жатканда үйдүн пайдубалы түшүп кетип, жумушчуларды басып калган. Алардын экөө каза болуп, биринин денеси табылбай жаткан.






1 |