super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Турдакун Ниязалиев 2 күндө тартылган "Пейилди кенен кой" ырынын клибин тартуу учурунда эч кандай кыйынчылык болбогонун айтты

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмү ырчы Турдакун Ниязалиев жана жаңыдан сахнага аралашып келе жаткан Кутболсун Жээнбаев аттуу жаш ырчынын аткаруусундагы "Пейилди кенен кой" чыгармасынын клиби менен толукталды. Турдакун Ниязалиев тарбиялуу маанидеги клиптин идеясы жана тартуу иштери боюнча буларды айтып берди.

"Ырдын сөзүн өзүм жазгам, обону Кувейт элиники. Аны сахнага жаңыдан аралашып келе жаткан Кутболсун деген бала менен ырдадым. Ага кылган жардамым болсун деп чогуу ырдоо сунушун да мен киргизгем. Ал клип тартууну өз моюнуна алды. Клиптин сценарийин жазган жана баш каармандын образын жараткан актёр Эмил Эсеналиев. Ал эми аялынын ролундагы бийкеч анын аяшы болот экен. Кичинекей бала кастинг аркылуу тандалып алынган. Өз ишин мыкты билген актёрдук курам чогулгандыктан тартуу иштери 2 күндө эч кандай кыйынчылыксыз бүттү. Клиптин негизги идеясы адамзатты кандай гана кырдаал болбосун түңүлбөстөн, жакшылыктан үмүт үзбөөгө чакыруу. Азырынча клип боюнча терс сын-пикирлерди уга элекмин", - деди ал.

"Пейилди кенен кой" ырынын клибин көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.11.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: