super.kg logo
  Саясат  

Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды

 
Жогорку Кеңештин 30-майдагы жыйыны
Башкы прокурор Аида Салянова
Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Болот Шер
Жогорку Кеңештин 30-майдагы жыйыны. Микрофондо вице-спикер Төрөбай Зулпукаров

Парламенттин 30-майдагы жыйынында “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Жыйында вице-премьер-министр Шамиль Атаханов өкмөттүн мүчөлөрүнө да сөз берүүнү суранды. Бирок бул сунушка көпчүлүк депутаттар каршы чыгышты. Депутат Өмүрбек Текебаев: “Талкууладык, суроо бердик, каалашынча актанышты. Токтомду кабыл алдык, болду да. Акыркы сөздү сотто сүйлөйсүңөр”,- деди. Жыйынтыгында башкы прокурор Аида Саляновага сөз берилип, ал депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө сый мамиле кылбагандыгын билдирди. “Кээ бири биздин балдарыбызга чейин асылып, каргаганга чейин барышты. Өкмөт мүчөлөрүнө ушундай мамиле болуп жатканда алардын микрофондорун өчүртүп койсоңуз болмок. Депутат Жоомарт Сапарбаев бизди "уюшкан саясий топ" деп айтып жатты, ал менен мен макул эмесмин. Депутаттарды коргогондой эле бизди дагы коргоп койсоңуз болмок”,- деп төрага Асылбек Жээнбековго кайрылды башкы прокурор.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: