super.kg logo
  Саясат  

Парламентте мамлекеттик сырларды коргоону жакшыртуу боюнча мыйзам жактырылды

 

Кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеӊеште мамлекеттик сырларды коргоону жакшыртууга багытталган мыйзам үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоордун демилгечилери билдиргендей, мыйзамдын максаты тышкы жана ички саясат, аскердик жана техникалык даремет, экономика жаатындагы мамлекеттик сырлардан көрүнүүчү мамлекеттик кызыкчылыктарды, мамлекеттик сырларды коргоо маселелериндеги жалпы багытты аныктоочу жоболорду белгилөө.

“Мамлекеттик сырларды коргоо улуттук коопсуздуктун кепилдиктерин камсыз кыла турган эӊ маанилүү бөлүктөрдүн бири болуп саналат. Ал эми ЖККУ, КМШ, ШКУ курамына кирген мамлекеттердин мыйзамдарындагы айырмачылыктардан улам жашыруун маалыматтардын билинип калышына өбөлгө түзүлүшү мүмкүн”, - деп мыйзам долбоорунда жазылган.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери “Бир Бол” фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев, “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар: Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулайманов, КСДП фракциясынан депутаттар: Абдывахап Нурбаев, Анвар Артыков, Карамат Орозова, “Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков, “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутаттар Максат Сабиров, Акылбек Жамангулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: