super.kg logo

Жалал-Абадда алтын казган Казак ишканасына иш жүргүзүүгө 3 айга тыюу салынып, 2 күндөн кийин ишин улантууга уруксат берилди

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы "Бозымчак" алтын кенин казып жаткан "КАЗ Минералз Бозымчак" казакстандык ишканасы токтотулган ишмердүүлүгүн кайра улантат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы текшерүү жүргүзүп, аталган ишкана экологиялык эрежелерди бузганын аныктаган. Инспекция ишканага айып пул салып, экологиялык талаптарды калыбына келтирүү талабын койгон.

"Буга байланыштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 1-ноябрда "КАЗ Минералз Бозымчак" ишканасынын ишмердүүлүгүн 3 айга токтотуу чечимин кабыл алган.

Бирок алтын казган ишкана ага коюлган талаптарды аткарганы үчүн бүгүн, 3-ноябрда ага ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берилди", - деп билдиришти Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
03.11.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кууп чыккыла казаларды департ кылып
03.11.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Колунан ХХХХ келбейт калды го окмоттун дароо эле 2 кундо уруксат берип ишке тушуруп канчалаган кыйынчылыктар болуп атат чек арада алар чек араны ачкыча тура турса болмок не деген окмот болуп калды ошондо
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-03 12:01:35
03.11.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алсыздар
03.11.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ииий кыргызчылык кылып "мейли иштейбергиле да эми"деп койупсуңарда а
03.11.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окмотубуз да кичине каадаланса болмок экен.Кыргыздар кен кокурок калкпыз да.
03.11.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
иий ою жоктор, кошо казышсанар болмок экен
03.11.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акчаны тыктыда озуна толтуруп,суйлой албай макулдан башка ечтемке айта албай калса керек ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-03 12:04:46
03.11.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир сөзүндө туралбаган окмоттун эмне кереги бар
03.11.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал жактан кысым кылып казактар тойгузду, бул жактан нормальный ответин бере албай биздин окмот тойгузду
03.11.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчасын жеп сырын алдырып буткон бул бийлик
03.11.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жакта Кокташ Коксерек айылынан 1000ден ашуун адам иштейт. Бул компания жабылып калса, айлыгына ишенип кредит алып алган адамдар эмне кылат?
04.11.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч коргон ГЭСи аркылуу отот алтын ташыгандар жарык пайда болуптур 3метрлик тосмо койдук жолго ошонуда бузуп отуп кетишуудо чара колдоно аласынарбы Эгер ГЭС жарылса 20000ден ашуун адамдын тагдыры эмне болот
04.11.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назаралиев окмотун жууп эле кетет суу
05.11.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек ара ачылгыча уруксат бербей турса болмок,акчаны коргондо баарын унутуп салышат тамагы жамандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: