Индияда Жылуулук электр борборунда жарылуу катталып 22 адам каза болду




Индиянын Рай-Барели шаарындагы Жылуулук электр борборунда жарылуу катталып 22 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жарылуу март айында жаңы ишке киргизилген 500 МВт (МегаВаттык) энергоблокто орун алган. Жарылууга чейин мекеме ишкерлерди эвакуациялоого жетишпей калган. Кызматкерлердин айтымы боюнча кырсыкка жылуулук генераторунда басым күчөп кеткени себеп болгон.
Күбөлөрдүн айтымына караганда, эң биринчи генератор титиреп баштаган. "Биз 80-90 метр алыстыкта болчубуз, алгач жылуулук генератору титиреп баштаган, андан соң газ жарылып айлана-чөйрөдөгүлөр жерге кулап калды", - дешет күбөлөр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.