super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-НОЯБРЬ: 41 жашка толгон куудул жана ырчы Жеңишбек Айтиев туулган күндү белгилөөнү жактырбай турганын айтты

 

Бүгүн, 3-ноябрда куудул, ырчы жана тамада Жеңишбек Айтиев 41 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыгып, туулган күндүк маанайы менен таанышты.

"Кечээ ырчы Айжамал Кабылованын уулунун сүннөт тоюна барганбыз. Ал жакта түнгө чейин болгондуктан саат жебеси түнкү 12ни какканда ырчы Замир Мырза, Айжамал Кабылова, Гүлшайыр Садыбакасова баштаган чыгармачылык топ жылуу сөздөрүн арнап, маанайымды көтөрүштү. Мен ушул кезге чейин туулган күн өткөргөндү жактыра бербейм. Андан көрө үй-бүлө, бала-чака менен үйдөн чыкпай эс алып жаткан жакшы деп эсептейм. Бүгүн деле ушул оюмдан кайтпай, белгилөөгө план койгон жокмун", - деди ал.

Жеңишбек Айтиев 1976-жылы 3-ноябрда Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Кара-Таш айылында туулган. 9 бир туугандын эң кичүүсү. Ал 11 жашында апасынан, 21 жашында атасынан айрылып, бир туугандары менен улуу агасынын колунда чоңойгон. Мектепти бүткөн соң Бишкекке техникумга келип, муздаткыч оңдоочунун окуусуна тапшырган. Бирок окуусун таштап, кийин ОшМУнун Искусство факультетин бүтүргөн.

Ал куудулдук чыгармачылыгы тууралуу "Бир күнү эле бир тааныш бала келип: "Куудулдардын райондук сынагы өтүп жатат. Жү­рү, сени катыштырабыз" деп калды. Ошентип мени даярдай башташты. Сынак боло турган күн келгенде досторум 100 грамм аракты ичиришти да, сахнага чыгарып коюшту. Өмүрү сахнага чыкпасам да ичимдиктин күчү менен сүрдөбөй Борончу байкенин (ред. Кудайбергенов) бир сатирасын айтып, биринчи орунду алгам. Ошондон баштап куудулдукка кызыгып, анекдот китептерди сатып алып окуй баштадым. Андан кийин облустук сынактарга катышып, атүгүл ушул өнө­рүм­­дүн аркасы менен Бишкекке да келип кеткем", - деп эскерет. Ал куудулдуктан сырткары ырчылык өнөр менен да алектенип, эл арасында "Беш бармак", "Сүйдүм", "Ошко сапар", "Карагат" аттуу ырлары менен таанымал.

3-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: