Кыргыз-Казак чек арасынын ачылышын талап кылып жарандар Казак элчилигинин алдына митингге чыгышты

Бишкектеги Казак элчилигинин алдында митинг өттү. Ага 25-30 адам катышып, Кыргыз-Казак чек арасындагы жаралган маселени эртерээк чечүүнү талап кылышты.
Ошондой эле митингге чыккан жарандар 5-ноябрга чейин алардын талабы аткарылбаса, Кыргыз бийлигинен Евразиялык экономикалык биримдиктин курамынан чыгууну талап кылышарын айтышты.
Митингге чыккан адамдар менен элчиликтин өкүлү жолугуп, алардын талаптарын жетечилигине жеткирерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.