Пакистанда 14 жашар кызды сабап, жылаңачтап көчө аралатышты. Муну кыздын байкесинен өч алууну каалагандар кылган
Пакистанда 14 жашар кызды уруп, жылаңачтап туруп айылдын көчөсүнө мажбурлап чыгарган 8 адамды полиция кызматкерлери колго түшүрдү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Окуя Пакистандын Дера-Исмаил-Хан шаарындагы Гарахмат айылында болгон. Маалыматта белгилүү болгондой, 14 жаштагы өспүрүм кыздын агасы ошол айылдагы 1 кыз менен кыз-жигит мамиледе сүйлөшүп жүргөн. Муну билип калган кыздын агалары 27-октябрь күнү ал баланын 14 жашар карындашын сууга бараткан жерден кармап алышып, белгисиз жакка алып барып ур-токмокко алышкан. Андан соң кыздын кийимдерин чечип, айылдын көчөсүн жылаңач кыдыртышкан. Бул кылыкты жасаган 9 адамдын жоругун айылдык кеңештин өкүлдөрү өч алуу деп баалап, туура деген чечим чыгарышкан.
"Жабырлануучу кыздын туугандары полиция кызматкерлерине кайрылып, натыйжада 8 адам колго түштү. Алардын дагы бирөө издөөдө. Кылмышты жасагандардын баары жабырлануучунун агасы менен сүйлөшүп жүргөн кыздын туугандары болушкан", - деп жазылат маалыматта.


Агалары оз карындашын тыйып албайбы, башканын карындашына зордук корсотпой?!!
Ислам фанаттарын жек коргонум ошондон... Кыргызстанда ислам фанаттары кобойуп кетсе, Афганистан, Пакистандын жапайы жашоосу бизге келиши мумкун, тушунугу томондор ушуна окшогон маскарачылык, кордуктарга жол берип.....