super.kg logo

Сапар Исаков Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков менен жолукту

 

Кечээ, 2-ноябрда Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков менен Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки премьер-министрдин жолугушуусу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны алкагында болуп өттү. Алар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Сапар Исаков белгилегендей, Кыргыз өлкөсү Беларусь менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде бардык маселелер тармагы боюнча мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

“Беларусь санариптик технологияларды ишке киргизүү боюнча алдынкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Биз, Кыргыздар масштабдуу санарипке өтүү боюнча “Таза Коом” программасын ишке киргизүүдөбүз. Анда электрондук экономика жана коопсуздук концепциясы киргизилген”, - деди Исаков.

Андрей Кобяков эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын алгылыктуу иш-аракеттеринин натыйжасында кызматташуунун мүмкүндүгү өсүп жатканын белгиледи. “Кызматташтыктын негизинде товар алмашуунун көлөмүн көбөйтүү гана эмес, инвестиция жаатында аракеттешүүнү өнүктүрүүгө да шарттар бар”, - деди Кобяков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.11.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар жакка тентип кетпей таможныйды чечпейби. Ел емне болсо ошо болсун мандаттын барында жер кыдырп калайын деп журо бербей.
03.11.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сапар Исаковту колдойм , сокенин ордуна ушул болгондо
03.11.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жолуктун суйлоштун эмне эч жыйынтыгы жок. Бир мамлекетке баркыбыз жок. Бут аарчыдай да корбойт эч ким. Бирине да созунор отпойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: