super.kg logo

Атамбаев жаңы шайланган президенттин инаугурациясын уюштуруу комитетин түзүү боюнча жарлыкка кол койду

 

Президенттик шайлоодон жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев инаугурацияны уюштуруу комитетин түзүү боюнча атайын жарлыкка кол койду. Аталган комитетти президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов жетектемей болду. Уюштуруу комитетинин курамына Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев, Сооронбай Жээнбековдун өкүлү Фарид Ниязов, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев жана башкалар киргизилди.

Инаугурацияга чет элдик делегациялар дагы чакырылат.

Эскерте кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков 920 миң 626 добуш (54,22 пайыз) топтоп, жеңишке жеткен. Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 2011-жылдын 1-декабрында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
03.11.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз Эли!!! Бул нерсени каалабайт!!! Эл абдан нааразы. Бул нерсени которо албайт!!!
03.11.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
bosmos77777,Өзүңдүн атыңдан жаз
03.11.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы кезектеги президент. Бийликтин күчү менен өтүп таза шайлоо болду деп өзүн ишендирген президент. Таза шайлоо болбогонун көзүбүз менен көрдүк бирок өкүнүчтүүсү далилдей албайбыз. Акыйкат жок. Бийлигин алдырып коюудан корккон кошоматчылардын күчү менен өткөн президент. Эми бир гана кудайдан президентибизге ынсап берүүсүн гана суранам. Эл үчүн кызмат кылган башчы бере көр Аллахым.
03.11.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Men Bul adamdardy prezident dep aitpaim ne priznaiu
03.11.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Prezident dep taanyialbaim Kyrgyzstan dagyle prezidenti jok
04.11.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх, куу тумшуктардын заманы болду го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: