WhatsApp мессенжери дүйнө боюнча 1 сааттай иштебей турду
Бүгүн, 3-ноябрда болжол менен саат 14:00дөн 15:00гө чейин дүйнө боюнча WhatsApp мессенжери убактылуу өз ишин токтотту. Башкача айтканда, аталган тиркеменин колдонуучулары бири-бирине кат, аудио жана видеолорду жөнөтө албай калышкан. Мындан улам аз убакыттын ичинде эле интернеттеги социалдык тармактагы баракчаларына "WhatsApp иштебей жатат", "WhatsApp`ка эмне болду?" деген суроолорду жазып чыккандардын саны бир топко жеткен.
Белгилүү болгондой, тиркеме Италия, АКШ, Германия, Индия, Орусия, Казакстан, Кыргыз өлкөсү жана башка бир канча мамлекетте иштебей калган. Ал эми мессенжердин өкүлдөрү эмне себептен мындай көрүнүш орун алганы боюнча билдирүү таратыша элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Балким, хакерлерда кылгандыр мессенжерди болгону 100 инженер эле көзөмөлдөп турушат деп окугам.