super.kg logo
  Саясат  

Алмаз Үсөнов: “Президент таластыктардын атын жамынган бир ууч топтон кечирим сурабайт”

 

“Президент Алмазбек Атамбаев таластыктардын атын жамынган бир ууч топтон кечирим сурабайт”, - деп бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, президент митингчилердин жоругун туура айыптаган.

"Өмүрбек Бабановдун жактоочуларынын митингине катышкандар Манастын Каныкей апабызга айткан керээзин укпай ката кетиришкендерин моюнга алышы керек. Мисалы, мусулмандар үчүн Куран ыйык болуп саналат. Облустун имамдары эл алдына чыгып, Куранды окуса эл аны укпай кыйкырышса аларды динсиздер деп айтмакпыз. Ал эми Манасты Абыке менен Көбөштүн гана тукумдары уккусу келбейт. Президент митингчилердин жоругун айыптаганы туура болгон. Бабановчулар президенттин сөзүн башка жакка бурбай, элди козутпай туура чечим чыгарышы керек. Митингди ким уюштуруп жактанын билебиз. Мунун артында Бабановдун жакын кишилери жана тарапташтары турат", - деди Үсөнов.

Айта кетсек, бүгүн Талас шаарында жергиликтүү тургундар Атамбаевдин сөзүнө нааразы болуп митингге чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: