super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги 6 башкы дарыгерди жумуштан бошотуп, алардын ордуна жаш дарыгерлерге сынак жарыялады

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы айрым медициналык мекемелердин жетекчилери менен болгон эмгек келишимин бузуп, аларды ардактуу эс алууга кетирди. Мындай маалыматты аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматта белгилүү болгондой, эми бул орундарга сынак жарыяланып, жетекчилик кызматтарга адистер тандалмакчы.

Ушул мезгилге чейин медициналык мекемелерде жетекчилик кызматта иштеп келген 6 кызматкер менен болгон эмгек келишимдери бузулган. Алар №2-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Жыргал Касымалиева, Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери Светлана Мамутова, Студенттер бейтапканасынын башкы дарыгери Чынара Балтабаева, №1-шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев, Бишкек шаардык перинаталдык борборунун жетекчиси Бурул Алмазбекова, үй-бүлөнү жана балдарды реабилитациялоо адистешкен борборунун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Роза Көчөрбаева.

"Бул кызматкерлердин баарына ыраазычылык билдиребиз. Алардын дээрлик баары пенсия курагындагы кызматкерлер. Убакыт баарын өзгөртүп турат. Жогорудагы кызматкерлер элдин саламаттыгы үчүн эмгегин аябай кызмат кылгандар. Ошентсе да жаштарга орун берүү керек. Менин дарегиме бул чечимдерге макул эмес болгондор ар түрдүү сындарды айтышты. Арасында кызматта 30 жылдан ашуун отургандар бар", - деди министр Талантбек Батыралиев.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
03.11.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адаттагыдай акчалуулар отот,акчасыздар куйугуп-куйугуп калаа берет.
03.11.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pandora,туура айтасын жаңы аткаминерлердин тааныштары өтөт да анан көрө жөн эле отургузуп койбойбу убара кылбай эле
03.11.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тааныш билиш болотда,же аукцион болгондой эле болот ким коп акча берсе ошол отуп кете берет
03.11.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Райондордун главрачтарын да иштен айдаса болмок.Чал болуп калса да отурушат.
03.11.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кылыптыр,пенсияга чыгып алып деле айлыкты да алып,пенсияны да жеп отурушат,пусть отдыхают...
03.11.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оюнар жаман!!! Жакшы жака жооруп, жакшы соз айтканды билбейсинер...
03.11.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Министр ОЗУ деле пенсия курагындагы адамго. ОЗУ бошотуп бербецби орунун жаштарга.
03.11.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура чечим.Жаштарга орун бериш керек.
04.11.2017. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Министр Батыралиевтин озун жумуштан кетирмейин медицина тармагы онолбойт. Эч кандай жетекчилик ишке жондому жок адам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: