super.kg logo

“Быйыл энергетика тармагында көйгөй жаралбайт” дейт Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары

 

Быйыл энергетика тармагында көйгөй жаралбайт. Бул тууралуу кечээ, 3-ноябрда “Парламент” радиосуна Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков билдирди.

Нурлан Садыков электр энергия маал-маалы менен өчүрүлбөй турганын айтты. Ошондой эле ал жаңы конуштарды трансформаторлор менен камсыздоо иши бир гана энергетиктердин милдети эмес экенин белгиледи. “Бул жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип иш алып барып жатабыз”, - деди Садыков.

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Надырбек Бекжановдун айтымында, көмүрдүн өндүрүлгөн баасы акыркы 5 жылдан бери эч өзгөргөн жок.

“Чек арадагы абалга байланыштуу көмүр наркы көтөрүлүп кетти дегендер бар. Бирок көмүрдүн өндүрүлгөн баасы акыркы 5 жылдан бери эч өзгөргөн жок. Анын сортуна жараша баасы кен чыккан жерде 1200-1300 сомдон. Көмүр баасын тескей турган “Кыргыз көмүр” ишканасы эмес. Баа саясатына келгенде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жооп берет", - дейт Бекжанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: