super.kg logo

Кыргыз студенти Баястан Ысманов "Москва мэринин Гранттары" сынагында жеңишти багындырды

 

Кыргыз студенти Баястан Ысманов "Москва мэринин Гранттары" сынагына катышып, жеңишке ээ болду. Бул тууралуу анын агасы Арстанбек Ысманов SUPER.KG порталына кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, "Москва мэринин Гранттары" сынагы кечээ, 3-ноябрда Москвадагы эл аралык музыка үйүндө өткөн.

Жалпысынан 19 номинация менен өткөн сынакка Орусиянын баш калаасында жайгашкан искусство жана маданият институт, колледждеринин студенттери катышкан.

"Леонид Филатов атындагы Москва мамлекеттик театралдык колледжинин 4-курсунун студенти Баястан "Эң мыкты театр чебери" наамын жеңип, мэр Сергей Собяниндин колунан 50 миң рубль акчалай сыйлык жана статуэтка алды", - дейт Ысманов.

Жаш таланттарды колдоо жана келечекке карай шыктандыруу максатында өткөн бул сынактын жалпы байге фонду 3 миллион 74 миң рублды түзгөн. Жалпысынан 3 тур менен өткөн сынактын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Москва шаарынын мэри Сергей Собянин катышуучуларга, жеңүүчүлөргө, келечектеги маданият кызматкерлерин даярдаган мугалимдерге жана студенттердин ата-энелерине жасаган аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Баястан Ысманов 1998-жылы 28-январда Бишкек шаарында төрөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
04.11.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын! дайыма алдыга умтул.
satiev87 түзөттү 2017-11-04 19:28:57
04.11.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сендей уулдарыбыз кобое берсин. Алга иним ата энене ракмат сендей уулду тарбиялап атканына
04.11.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЭҢ соонун Баястан. Азаматсың
Ийгилик сага
04.11.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат!. Биз сыймыктанабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: