super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдөгү митингчилер "Кумтөрдү" электр энергиясынан ажыратууга аракет кылышты

 
Ысык-Көл облусунда нааразычылык акциясына чыккандардын айынан "Кумтөр" ишканасынын тегерегиндеги кырдаал татаалдашууда. Аймактык кабарчыбыз маалымдагандай, бүгүн түштөн кийин Саруу айылынан "Кумтөрдү" көздөй жөнөшкөн митингчилер Тамга айылындагы жогорку чыңалуудагы электр подстанциясына барышып, ишкананы электр энергиясынан ажыратмакчы болушту. Подстанциянын жетекчилери, бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары алар менен сүйлөшүүгө аракет кылышууда. Митингчилер бүгүн "Кумтөргө" жакын аймакка чатырларды тигип түнөшөт. Эгер эртең коюлган талаптары аткарылбаса, алтын кендин өзүнө бастырып киришерин айтышууда. Айта кетсек, митингчилер өкмөткө 13 талап койгон, алардын катарында "Кумтөр" боюнча канадалык компания менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, жергиликтүү тургундар үчүн оорукана, спортзал куруп берүү жана башкалар бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: