super.kg logo

Ырчы Алмаз Шаадаевге жеке концертинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды (фоторепортаж)

 
Концерт алдындагы даярдык
"Концерт бардык жактан айкалышсын деген максатта жаңы формаларды да тиктирдим" дейт Шаадаев
Шаадаевдин дээрлик бардык ырларын бийчилер коштоду
Концерттик кечени Сакиш менен Бопуш алып барып, келген конокторго ырга кошо күлкү тартуулап жатышты
Ырчынын "сыйкырдуу" концертинде фокустар орун алды
Алып баруучулар Алмаздын эң жакын досу деп Данияр Эрматовду сахнага чакырышты
Ырчы ата-энеси жана бир туугандары менен концерттен кийин
Ырчы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине ээ болду
Ильяз Абдыразаков да концертке катышып, Шаадаевге жакшы тилектерин билдирди
Ырчы "Сагыныч" аттуу ырын фокус көрсөтүү менен кошо аткарды
Ырчы "Жаркырасын Кыргызстан" чыгармасын аткарууда
Маданият министрлигинин өкүлдөрү "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырууда
Алмаз Шаадаевдин ата-энеси дуэт аткарышты

4-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эстрада ырчысы Алмаз Шаадаевдин жеке концерти өттү.

Бишкек шаарында 2-жолу жеке концертин берип жаткан ырчы мырза бул кечеге 2 айга жакын убакыт даярданганын айтат.

"Биринчи жолу өткөргөн концерттен сабак алып, анда кетирген кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштедик. Концертти көптөгөн кызыктар коштойт. Маселен фокусниктер менен чогуу түрдүү кызыктарды тартуулайбыз" - дейт Шаадаев.

Көпчүлүктүн кол чабуусунун коштоосунда концерт башталып, Шаадаев сахнага демейдегиден башкача чыкты. Тактап айтканда, сахнага сүрдүү караандар чыгып, алар ортого коюлган кичинекей бөлмөдөн чыгып жатты. Соңунда ырчы мырза да ошол жактан чыгып, концертин "Мейли" аттуу ыры менен баштады.

Алып баруучулук кызматты Сакиш, Бопуш тандеми аткарып, келген конокторго ырга катар күлкү тартуулап жатышты.

Ырчы "Фаридам" аттуу чыгармасын аткарып, бул анын репертуарындагы эң жемиштүү ыр экенин белгиледи. Өткөн жылы гана жаздырганына карабастан барган жеринде "Фаридамды" аткаруусун суранышарын айтты ырчы.

Алып баруучулар Алмаздын эң жакын досу деп сахнага Данияр Эрматовду чакырышты. "Апамдын болчу келини" деген ырын аткаруунун алдында ал келген конокторго Алмаз Шаадаевдин атынан ыраазычылык билдирип, досуна чыгармачылык ийгилик, эргүү каалады.

Концерттин жүрүшүндө залда отурган ар бир көрөрманды бир саамга ойго салган ыр аткарылды. Алмаз Шаадаев "Жаркырасын Кыргызстан" деп аталган ырын аткарып жатканда сахнага бир нече мекен сакчылары тизилип турушту. Өлкөдөгү жетишкендиктерге катар орун алган кемчиликтер камтылган саптар концертке келгендердин жүрөгүнөн түнөк тапканын ырдан кийин көпкө чейин токтобой кол чабуулар далилдеди.

Андан кийин алып баруучулар сахнага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрүн чакырышты. Алар Шаадаевге "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин ыйгарышты. Шаадаев өз кезинде күтүлбөгөн учурда берилген төш белги аны катуу толкундантканын, кубандырганын айтты.

"Чынында бүгүн өтө чоң кубанычтуу күн болду, бул төш белги мага мындан ары да маанилүү ырларды жазып аткарууга, тынымсыз эмгектенүүгө стимул берет. Ата-энем да ушул залда отурат, аларга, министрликке, жалпы менин күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Көп кызыктар коштолгон бул концертте Шаадаев ата-энесинин жанына барып, аларга арналган ырын аткарды. Ага улай эле ырчы мырзанын ата-энеси келген конокторго дуэт аткарып беришти.

Зал элге 99 пайызга толуп, 2 сааттан ашык убакытка созулган концертти ырчы көтөрүңкү маанайда "Фаридам" аттуу альбому жарык көргөндүгүнө байланыштуу кайрадан "Фаридам" чыгармасын ырдап жыйынтыктады. Концерт жөнүндө даярдалган видеорепортаж жакынкы күндөрү SUPER.KG'нин "Супер ТВ" бөлүмүнө жайгаштырылат.






Алмаз Шаадаевдин концертинде ата-энеси дуэт аткарды

Ырчы Алмаз Шаадаевдин жеке концерти өттү

Алмаз Шаадаев концертинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(55)
05.11.2017. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Андан коро "Тойлордун мыкты кызматкери" деген наам берип койсо болмок экен.
05.11.2017. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Төш белгинин баркы деле кети окшойт катар эле берип жатат элге эмгеги сингендер алыш керек эле
Медиа-портал
05.11.2017. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Админ неге видеолорду коро албай жатам мен?
05.11.2017. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менда коралбайтам
05.11.2017. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Зал канча процент толду ,ошрну жазбапсынар. Сакиш менен Бопуштун акчасын шыр эле бериптирби???
05.11.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nanei,окутай Эле комент жазас окшойш 99 процент деп турат жаш осо турган жигит. Концерт койду дегенине эле жетип барып тош белги илип министирликтин баркы кетти атангору!!!
05.11.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
erkeleim,окубай эле коммент жазас окшойс
05.11.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
erkeleim,чын окуган жокмун. Такыр кызык эмес ушул бала мага. Куйормандарынан кечирим сураймесли что.
05.11.2017. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А.Шадаевди маданияттын мыкты кызматкери деп табылып жаткан болсо??? Кайран элим кайда баратабыз????? Дайыр Исмадияровко окшогондор эл артистти
05.11.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча пайыз эл келди?
05.11.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зал 100%толду
05.11.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага жакбайт бул ырчы үнү да маанилүү ыры да жок. Алгандан уялбады бекен. Ким концерт койсо эле тош белги которуп бара береби? маданият кызматкерлери уялбады же той ырчылары. Канчага сатып алышып жатат экен озу. Концерти жакшы откон болсо мурдагы концерттиндеги карыздарын толоп койсун бербейм деп уялбай журо бербей. Кыйналып жатса айтсын кыргыз эли кайрымдуу эл 1 сомдон болсода чогултуп беребиз маданият кызматкерине. Жаны министр чү дегенде эле наам берип баштаптырда ишин.Аман эле болгула.
Adi.Avazbekov түзөттү 2017-11-05 10:36:01
05.11.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Adi.Avazbekov,эмне мынча ичинер тар. Бироонун жакшы ийгиликке жеткенин куттуктабасанар дагы, жон эле окуп коюу кыйынбы. Бири - бирибизди коралбай, баш которгонун жок кылмай. Ушинтип отурсак кыргыз качан онолмок эле.
05.11.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurhan2702,бул жкрде ич куйдулук эмес. Недостоин наамга. Ошого эл жазып атышат. Эл Тараза ,эл сынчы
05.11.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurhan2702,Ар ким оз оюн жазганга акысы бар. Бир нерсе жазгыныз келсе мага жооп кылбай жазыныз. Эгер жооп жазгыныз келсе купуя жазсаныз болот.
05.11.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Же оздору нормальный ыр жазышпайт же башканын ырларын ырдай алышпай эле наам ала беришеби тобоо кылдым!!!министирлик эмнени карап жатат деги.
05.11.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulzat85,сен кыйратасынбы анан
05.11.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
gulzat85,сага "мен кыйратамын" - дедимби. Создун маанисине тушунбосон доорубо
05.11.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылар кобоюп кеттиго саны коп сапаты жок.Элдин баары эле ырчы,саясатчы хаха.Шайыр женелер,эжелер,апалар айтор кемпирден бери ырчы.Эми бул баланын ата-энеси да ырчы болуп кетсе...Эл артисти наамын алышы эч кеп эмесго...
JaneEr түзөттү 2017-11-05 10:36:43
05.11.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тааныбайт экем
05.11.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимге наам берселе чычалай бересинерби. Колунардан келсе силер да алгыла. Сатып аласынарбы , ырдап аласынарбы ал озунордун проблеманар. Мисалы бул баланын ырлары жагат. Ушунча мээнет кылып даярданып концерт беруу деле оной эмес. Сынтактырып эле койсо силерди тилинерди буландатып
05.11.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurhan2702, концерт бергендин баарына эле наам бере берсе, анда баары эле "маданиятка эмгек синирген ишмер" болуп кетпейби?!!

Мен керек болсо тааныбайт да экенмин, жакшы ырчыны эл таанып баалайт го?!! Репертуарынжа канча ыр бар, канчасын эл билет?!! Бек, Сыймыкка окшоп калын элге таанылып, ырларын эл суйуп укса, ырдаса мейли эле го!!!

Наамдыиачык эле сатып жатышат. Бир-эки эптемей ыры барлар алып жатат наамды...
05.11.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсыл эмгеги учун алды. Борончу Тынарларга бериш керек наамдарды
05.11.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Монголияда бир убак генералдык наам ачык эле сатылып,олко ошо менен бюджетин толтуруп алган.Отукчудон бери генерал эми...Бизде деле наамдар ачык эле сатылып жатат,бирок бюджетке эмес,бир аз тарп жорулардын кулкунуна.Бааларын,прейскурантын билиш керек болду.Урматтуу Суперчилер силер кыйынсынар го,наамдардын бааларын билип бергилечи.Кыргыздар акча топтоп Абдылда куудулга деле сатып берели.Итинен битине чейин наам алышты.Абдылда аке перезаслуженный,эмне кемби ушуга окшогон халтурщик тойпуруштардан?
Nazaroff1974 түзөттү 2017-11-05 11:22:43
05.11.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен деле алсам болгудай окшойт, Ильяз, Атабековтордун хит ырларын ырдап чыгып!
Просто соз жок да, уят!
05.11.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудулдар алса болот эле
Мин наалат ушул наамды алганыда бергенида баркы кетиништи акмактар
05.11.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
3 мин карызын бербейби жыргабай
05.11.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай ыры бар экен өзү чыгарган?
05.11.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Как будто ушул жалгыз наамды сатып алгандай жазыпсынар го. Баарыле алып атпайбы тимеле жаадырыпсынар го комменттерди. Тааныбасанар интернеттен ырын таап угуп таанып алгыла силер тааныбаганынарга да алмаз куноолубу. Эмгеги менен берди да концерт ин кандай болсо да.
05.11.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gulkin, муну менен таанышалы деп элдин козу учуп турган жок!!! Эч ким тааныбаган бири наам алса эл кантип кубансын?!! Эл тааныган, элге эмгеги синген аттуу-баштуу ырчылар, куудулдарыбыздын наамы жок дагы, эл тааныбаган, элге эмгеги синбеген бири кантип наам алат, акчага эле наам сатып албаса?!!!
06.11.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтышып жаман жакшы корунушкум келбейт!!!
05.11.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен ырчымын дегендердин баарысын чакырып эле бир жерге чогултуп ..ТОШ БЕЛГИ ГРАМАТА НААМ БЕРИП КОЙГУЛАЧЫ
05.11.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын,талантын ташкындай берсин,жаш муундарга ушундай наамдарды берип кичине алга суроп коюшса мындан да жакшы иштешет,ошондо бизде да сапаттуу ырчылар кобойот
05.11.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары стимул алып жатып калдыго))) ачык эле бизнеске айланып кетти. Айка Дека Асель Иса Омуркуловдор алса эми ...
05.11.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,бандан чыктынарбы
06.11.2017. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчы жакпайт
SUPER.KG видео
06.11.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шахзоданын да концертинен видео репортаж качан болот сайта
SUPER.KG видео
07.11.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул наам эмгек синирген артист наамы эмес , жон эле мыкты кызматкер деген эле наам. Мынча чычалагансынар? Мыкты кызматкер болгон учун зал толо эл келип отурат да.
nazgul.elhan түзөттү 2017-11-07 16:40:58
SUPER.KG видео
07.11.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыр кылып баарын сатышат,
Чынында ичиң ачышат!
Чыгаандар албас сыйлыкты,
Чычымдар алып жатышат...
SUPER.KG видео
07.11.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооо Кыргыздар наамга татыктуубу,сатып алдыбы бекер алдыбы ишинер мине?Булда болсо Аллахтын буйругу.Насип кылыптыр алды. ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 11:24:49
SUPER.KG видео
08.11.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне корунуш концерт деп шахзоданы айтса болот сахнаны кара же бир жарыталуу уну болсо
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 17:24:22
SUPER.KG видео
09.11.2017. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаштарга жон гана ийгилик каалап кетиш керек. Ак дагы кок дагы дебейм. Алмаз аракет кылып иштей бер. Элге жакса ырларын хит болот, болбосо жок болотта.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: