super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте жарга чыгуу боюнча мелдеш өттү (фоторепортаж)

 
Жарга чыгууда коопсуздукту камсыздаган керектүү аркандарды спортчуларга инструктор тагып берип жатты.
Инструктор балдардын коопсуздук курунун бекемдигин текшерүүдө.
Жаш балдардын арасында улуулардын жардамына муктаж болгондор да бар.

Бүгүн, 4-ноябрда борбор калаада жарга чыгуу боюнча Бишкек шаарынын чемпиондугу өттү. Анда 7 жаштан баштап 45 жашка чейинки спортчулар катышып шаардын мыкты альпинисттерин аныкташты.

Жарга чыгуу, альпинизм жана музга чыгуу боюнча федерациянын алдындагы комиссиянын төрайымы Марина Гальцова мелдеш жыл сайын өтүп турарын жана анын максаттары тууралуу айтып берди.

"Мелдештин башкы максаты бул спортчулардын деңгээлин көтөрүү, жарга чыгуу спортун өнүктүрүү болуп саналат. Мелдештин жыйынтыгында спортчулар упайларды чогултушуп рейтингге көтөрүлүшөт, ал рейтингдин негизинде спортчулар Кыргыз курама командасына кошулат.

Бул мелдештер жыл сайын өткөрүлөт. Анда спортчулар ар түрдүү жарыштарга катышат. Алар: боулдеринг (кыска аралыктагы татаал трасса), татаал трасса жана ылдамдык боюнча жарыштар.

Жалпы эсепте 200дөн ашык спортчу катышып, жаш боюнча категорияларга бөлүнгөн. Эң жаш категориянын спортчулары 2004-жылы төрөлгөндөр жана алардан кичүү, андан кийин 2002-2003-жылы төрөлгөндөр, анан 2001-жылы төрөлгөндөр, андан соң 17 жаштагылар жана алардан улуулар категориясы", - деди Марина Гальцова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.11.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң соонун иш аракеттер болууда жаштарыбыз үчүн.бири бирибизди чукубай ушуга окшогон көрүнүштөр менен алек болсок жаштарыбыз спортко болгон кызыгуусун арттырууда таасир берет
04.11.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
XXXX, тее өйдөдөгү Кыргызстандын желегин тескери илип коюшуптур, ошого мээлери жетпейт XXXX.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-04 23:17:39
05.11.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: