Аида Салянова түнү кылмышкерлер атып кетишкен инисинин үйүнөн жакындарынын коштоосунда чыгып кетти




Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянова кылмышкерлердин колунан каза болгон иниси Улан Саляновдун үйүнөн жакындарынын коштоосунда чыгып кетти. Туугандарынын айтымында, алар Ысык-Ата районундагы Биринчи Май айылына (атасынын үйүнө) барышат.
Ошондой эле маркумдун сөөгү да ошол айылга коюлары айтылууда.
Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишти. Маркум 42 жашта болгон. Азыркы тапта милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издеп жатат.
кошулду
Аида Салянова инисинин үйүнө келип кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
1

Т.б.маркум намаз окуган, саясаттан алыс жүргөн, СТО иштеткен карапайым адам экен, ыйманы саламат болсун!
кайра кыл!