super.kg logo
  Саясат  

Элдар Тажибаев: "Ысык-Көл облусуна өзгөчө кырдаал киргизүү зарыл"

 
"Кумтөр" ишканасынын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл облусуна өзгөчө кырдаал киргизүү зарыл". Бул тууралуу Тоо-металлургия профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев 30-майда билдирди. Айтымында, учурда Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында абал курч бойдон, митингчилердин саны улам көбөйүүдө. "Өкмөт чечкиндүү чараларды көрүшү керек. "Кумтөргө" электр жарыгы берилиши зарыл, мунун арты олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Тамга айылында абал курчуп, адам өлүмү менен коштолушу да мүмкүн",- деди Тажибаев. Ал "Кумтөр" ишканасында иштегендер менен митингчилердин ортосунда чатак чыгып кетиши мүмкүн экендигин белгилеп, өкмөт кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбашы керектигин айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: