super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Жигити жок жүргөн жакшы, баскан-турганың жөнүндө эч кимге отчёт бербейсиң"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигит менен жүргөнчө, жүрбөгөн жакшы" деген тема талкууга алынган. Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менин жигити бар курбуларым "жигити жок жүргөн жакшы" дешет. Басып-турганың кенен, эч кимге отчёт бербейт экенсиң. Ал эми жигити жок "бойдоктор" "жигит болгон жакшы да, ар дайым жаныңда болуп, колдоп турат" дешет. Кыскасы, адамга оңой менен бир нерсе жакпайт эмеспи, ошентип кейип калышат".

"Адам бирөөгө мээрим төгүп, керек экенин сезип жашашы керек эмеспи. Динде "жалгыз адамга шайтан жолдош" дейт имиш. Азаптан бакыт жаралат дейт. Азыр кимдир бирөөгө тынчсызданып, отчёт берип койсоң, кийин ал сага түшүмүн берет. А балким сулуу кыздардын, тентек уулдардын атасы болуп калышы ажеп эмес".

"Азыркы замандын жигиттерине сөз жок. Жалган сөздөр менен кыз жүрөгүн багындырышат, ошондуктан кыргыздын кыздарына айтайын дегеним - абайлагыла".

"Бардык нерсенин эки тарабы болот да. Мен өзүмдүн оюмду айта кетсем, жактырбаган адамыңдын жанында жүргөнчө жалгыз эле жүрө бергениң оң. Баскан турганыңды көзөмөлдөй берген адамдарды жаман көрөм. Эгер жактырган адамың болсо, жанында болгонуң жакшы. Болбосо "көзөмөлдөөчүсү" жок эле жүрө бергенге жетери жок".

"Жигитиң болсо жакшы. Жигитиң күн сайын эртең менен ойготот, жол чыракта кызыл күйгөндө басып баратсаң кармап токтотуп калат. Үшүсөң, кийимин берет. Курсагың ачса, тамак алып берет. Коркунучтуу кино көргөндө кучактап отурат. Туулган күнүңдөн бир күн мурун куттуктап коёт. "Түнүң бейпил болсун, шириним" деп күн сайын смс жазып же чалып айтып анан өзү уктайт. "Боёнбой эле койчу, сен сулуусуң го" дейт. Ооруганда түнкү 3тө чалып ыйласаң угат, сооротот. Анан эртең менен "кечээ неге ыйладың, жан" деп сурайт.

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
06.11.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен негизи каршымын ата-энесинен сурабай жигиттинен сурагандарга. Азыр жазгандарды окуп суйлошкум келип кетти, бирок суйлошо албайм может суйуу келе элек!
06.11.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sarywka2017,негизи табияттан ушундай адамдар болот окшойт кызбы,уулбу мен да эч суйлошо албайм!учурда кайрадан бойдок статусун алдым!мен да кыз жигит болуп жургон жакшы деп билем бул да болсо жашоодогу кереметда,уй булоо куруу учун таанышам 20жаштан 30жашка чейинки кыз келиндер менен!мага шайыр дайыма кулуп жургон ачык арык мээримдуу менин жашоомо жомокко айландырган кыздар болсо жазгыла,89655157588ватсап номерим мага кыздар биринчи соз баштаса жагат
07.11.2017. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniel87,сиз анда алтын балыктан сураныз )) мен негизи каршымын биринчи кыз киши кадам таштаганга (кому как) эмне учун кыз киши кадам ташташ керек?!
07.11.2017. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sarywka2017,мен эмне учун алтын балыктан сурашым керек?жашоодо ар кимдин коз карашы ар башка бироого тануулап болбойт!ар Ким оз бактысы учун курошуш ,аракет кылыщ керек!кимиси биринчи башташы шарт эмес деп ойлойм
06.11.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай шумдук
07.11.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оббоо эми жигитти башынарга тартасынарбы,эрте эле туйшукту башынарга уйбой жон эле жургон жакшы. Жигитин болсо кийимин жууйсун,утуктойсун,тамагын жасайсын анан каерде журдун,эмне кылып атасын деп такыйт как будто башы бош эмес адамдай журосун. Эрге тийгенде бул туйшуктор и так эле тушот башына,бойдокчулук доорду эркин болуп сургон жакшы
07.11.2017. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555,сизге тушунбодум, Кандайча жигиттиндин кийиймин жууп, утуктойсун? Тамагын жазсап. Оо кудайым ай ушундай кыздарга тан калам.
07.11.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sarywka2017,


Ошондой кыздар барда, ата-энесине кызмат кылбай кайдагы бир дейди уйлоноорунун дайыны жок бироого тийгичекти эле кызмат кылат. Козун карап кээ бирлери акчада берип турат. Бул нерсени Москвада коп байкадым. Тообо кылдым! Кыздар жигиттерин багат жинди келтирип. Жалгыз башын бага албаган эркектен эмнени кутот билбейсин. Оз тамагын таап жей албаган эркек эртен уйбуло туйшугун тарта алабы.
08.11.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sarywka2017,ооба ушундай кыздарды угуп эле журом,биздин бир группалашыбыз жигитим урушат деп параны да окубай таштап кетип калат эле,жон эле жигитинин созу закон эле. Контракты жигитин эмес апан толойт,оку деп биз урушат элек
07.11.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер Кызы жок эле жургон он башына балее уйбой уйлонордо Апабыз тапкан кызга уйлонууп бактылуу жашап кеткен он Ата Эне жаман кыз тандабайт кызды окууну бутору менен алыш керек шаарга чыкты уулда кызда бузулат экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: