super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-НОЯБРЬ: "Мен эми кичинекей Мажит эмес, атамын" дейт 22 жашка чыккан ырчы Мажит Абдрашитов

 

"Жүр досум, Мажит" деген ырын 11 жашында аткарып, элге "кичинекей Мажит" деп таанылган ырчы Мажит Абдрашитов бүгүн, 6-ноябрда 22 жашка толду. Көпчүлүк аны ырчы Ильяз Абдыразаков менен ырдаган "Салам, братан" ыры аркылуу да тааныйт. Чыгармачылыкка аралашкан 10 жылдан ашык убакыт ичинде ал пародияларды аткарып, "Карындаш", "Айдайым", "Жалгыз сен" жана башка ырларды жаздырды.

Мажитти туулган күнү менен куттуктап чалганыбызда ал жеке майрамына көп деле маани бербей тургандыгын, ошентсе да куттуктоо, каалоо-тилектер жагымдуу маанай тартуулаарын билдирди.

"Бала кезимде туулган күнүмдү ай мурун эле күтүп, эмне белек алат экенмин деп кызыга берчүмүн. Классташ кыздар-балдар бири-бирибизге белек берип калчубуз. Кийин ислам дининде туулган күндү чоң шаан-шөкөт менен белгилебейт деп уккам, бул күндү башка күндөрдөй эле өткөргөнгө аракет жасайм. Бирок дос, туугандар куттуктап, жакшы тилектерин билдиришүүдө. Андыктан достор менен дасторкон жайып, чогуу белгилөөнү туура көрдүм", - дейт ал.

Мындан тышкары ырчы ушул жылдын август айында кыздуу болгонун айтып, андагы сезимдери менен бөлүшө кетти.

"Кызыбыздын атын Айбийке деп койгонбуз, күндөн-күнгө аталык жоопкерчилик деген сезимим күчөп жатат. Жашоомдогу эң кубанычтуу күн деп Айбийкенин жарык дүйнөгө келген күнүн билем. Мындай кубанычтын даамын бардык адамдар сезсе экен деп тилейм", - деп кошумчалады Мажит.

Мажиттин азан чакырылып коюлган аты Бекжан. Ал 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2011-жылы мектепти аяктап, Т.Эрматов атындагы музыкалык колледжине тапшырган. 2003-жылы "Куудулдар жана аялдар" деп аталган концертте пародист катары алгачкы жолу сахнага чыккан.

6-ноябрга карата жылнаама.






Ильяз & Мажит - Салам братан

Мажит - Жаз гүлү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
Медиа-портал
09.10.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
так держать! молодец!
Медиа-портал
10.10.2014. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Unu jok voobshe.
Медиа-портал
10.10.2014. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын голос Нол ком менен звезда да булар
Медиа-портал
10.10.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ Озунор ушундай ырдай аласынарбы?)))
Модератор admin_media түзөттү 10.10.2014 18:01
Медиа-портал
10.10.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DORI,
Коомдук этиканы сактаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: