super.kg logo

Көп кийген кийимиңиздин түсү аркылуу кулк-мүнөзүңүздү билиңиз

 

"Адамдын көркү - чүпүрөк" дегендей, ар бир адамга сулуулук тартуулап, көркүнө көрк кошуп турган - бул кийим. А бирок ошол кийимдердин өңү-түсү сиздин кулк-мүнөзүңүздөн кабар берет десе ишенет белеңиз? Окумуштуулардын изилдөөсүндө адамдын кийип турган кийими анын маанайынан кабар берет. Ал эми бир түстөгү кийимди көп кайталап кийгендер, ошол түскө жараша ар кандай кулк-мүнөзгө ээ болушат. Анда төмөнкү макалага көз жүгүртүп, өзүңүздүн табитиңиз менен мүнөзүңүздү салыштырып көрүңүз.

АК - бир учурда жылуулуктун, жарыктыктын жана муздун түсүн түшүндүрөт. Мындан улам бул өңдү жактыргандардын мүнөзү ар кылдуу: кээде жумшак, кээде каардуу.

КАРА - бул түскө басым жасагандардын көбү өзүнө ишенбеген, жашоодон ырахат алууну каалабаган, депрессияга көп кабылган жана анчейин бактылуу эмес адамдар. Эгер аталган топко кирүүнү каалабасаңыз, анда колдон келишинче кара кийимдерди кийүүдөн алыс болуңуз.

БОЗ - ойлонуп иш жасаган жана өзүнөн башка эч кимге ишенбеген адамдардын жактырган түсү. Мындай адамдар бир чечимге келер алдында сөзсүз түрдө шашпай ойлонушса, боз түстү жактырбагандардын көбүн жеңил ойлуу адамдар түзүшөт.

КЫЗЫЛ - элдин көңүл чордонунда болууну каалаган, эркин, өзүнө ишенген жана эл менен баарлашуудан ырахат алган адамдар бул түстү тандашат. Ал эми кызыл өңдөгү кийимдерди кийүүдөн тартынгандар - өзүнүн кандайдыр бир кемчилигинен уялган, бирөө менен урушуп кетүүдөн корккон, бирок сүйүүгө туруктуу мамиле жасаган адамдар деп саналат.

КЫЗГЫЛТ САРЫ - кыялкеч, ички туюму күчтүүлөргө арналган түс.

КҮРӨҢ - үй-бүлөнү башкы орунга койгон, өз күчүнө ишенген, салт-санааны сыйлаган адамдарга тиешелүү. Эгер адамга бул түс жагымсыз көрүнсө, демек, эгоисттик мүнөздөн кабар берет.

САРЫ - ой-жүгүртүүсү бийик, бирөөнүн жашоосуна кийлигишүүнү каалабаган токтоо мүнөздөгү адамдар жактырган түс. Ал эми тил табышуу оңойго турбаган, ар дайым капалуу жүргөн адамдар мындай түстөгү кийимдерге жакын жолошпойт.

КҮЛГҮН - бул "тирүүлүктүн" түсү. Тактап айтканда, мындай өңгө жакын адамдар жашоого чындап ыраазы болуп, ар дайым позитивдүү маанайда жүрүшөт.

СЫЯ КӨК - сезимтал, эмоцияга бат алдырган, бирок жан дүйнөсү таза адамдардын тандоосу.

КӨК - өтө бат чарчагандар үчүн. Бул түстү жактыргандар бат-баттан эс алып, баары жайында экенине ынанып туруусу зарыл.

ЖАШЫЛ - табияттын, жашоонун, жаздын түсү. Жашыл түскө басым жасагандар жашоосуна бирөөнүн таасири тийүүсүн каалашпайт. Өз жашоосуна өзү кожоюн болууну көздөшөт.

Эгер бул түстөрдү жактырганыңыз үчүн эмес, мода же саркечтик үчүн гана кийсеңиз, демек, жогоруда аталган мүнөздөмө сизге таптакыр тиешеси жок деп билсеңиз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
07.11.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кок
07.11.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын кийген кийминен чындап эле мүнөзүн аныктаганга мүмкүн болсо керек, мисалы көп адамдар маанайына жараша кийинет эмеспи.
07.11.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен дайым кара ак кийинем бирок караны муноздогондой эмесмин. Мен бактылуумун жана ар дайым позитифдемин
07.11.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курон туура чыкты . Кайненемин тусу мунозу да топ келди.
07.11.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тусум да озумо туура келди бир аз.
07.11.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жарашса баааардык тусторду кием актан башкасы...актан корком кирдетем деп,,,,балдарым торолотэлекте
кийчуумун
07.11.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес
07.11.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Во основном ак, кара кийем.
07.11.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулгун тустогу кийимдерге басым жасайм.Бирок мунозум туура келбейт экен чынын айтсам.
07.11.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кара тус бул классикалардын классикасы, консерватив вариант, модабы мода эмеспи дайыма гардеробдон узулбочу тус. Мунозум туура келбейт экен, карага ото басым жасайм.
07.11.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бежевый жокпу?
07.11.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечиресинер мени, кызыл кийген адамдар копчулу эртенки кунун Жакшы ойлошпойт. А кара кийинген адам озуно ишенген, эгоизт, максатына жете билгендер
07.11.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кара
07.11.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен акты жактырам туура элк окшойт)
Bek_abad түзөттү 2017-11-07 15:35:14
07.11.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники бут кара...азыркы абалыма туура келип калды ((((
07.11.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай тусто кийинуу- бул ар бир адамдын табитине байланыштуу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: